Атай Бейшенбек: “Менимче, мэр Абдыкадыров аз күндө ээлеген ордунан бошотулат”

-- Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун алып барып жаткан ишмердүүлүгүнө нааразычылык курчуп бара жаткандай. Программалары ишке ашып жатабы?
-- Мэрдин ишмердүүлүгү боюнча сын күчөй турганын, андан жыйынтык чыкпастыгын башынан эле айтып келгенбиз. Эмнеге дегенде эң маанилүү Бишкек шаарында маселе чечиле турган жагдайлардын баары чагылдырыла турган мэрдин программасы болуп, анын алкагында бюджет кабыл алынып, ишке ашырылышы конкреттүү индикатор катары жарандарга, шаардык кеңештин депутаттарына, ажобузга негиз болуп берет эле. Тилекке каршы, биздики бюджетти кабыл алгандан кийин программасын аныктап, башаламандык болгондуктан, азыркы учурда ишмердүүлүгү дагы ошондой чар-жайыт калууда. Кадр саясатын дагы карап көрсөңүздөр, “Тазалыктын” жаңы жетекчисин алып келип жатканда кандай талаптарды койдук эле, тилекке каршы, “ал ишин толук аткаралбайт” деген негизде аны кызматтан алып, кайра башка адамды дайындап жатат. Демек, бул жоопкерчиликсиздик. Эч кандай анык программа, көз караш жок эле жүргүзүлүп жаткан кадамдар. Бул кадамдар шаарды ушундай хаоско алып келет: таштанды алынбайт. Канчалаган бак-дарактар отургузулуп, бирок сугарылбай куурап калууда. Жолдор жабылып, ремонт жүрүп жатканын көрүп жатасыздар. Жүргүзүп жаткан иштери абдан кеч. Мунун баардыгынын негизги себеби – конкретүү иш алып бара турган программанын жоктугу. Күнүмдүк чыккан иштер менен эле алектенишкендиктен, минтип күн санап көйгөйлөр топтолуп келе жатат.
Эгер биз мэрдин ишмердүүлүгүнө баа бере ала тургандай система болсо, бизге анын алдына коюлган тапшырмалары ачык жарыяланышы керек эле. Азыр кайсы жерге барба “шаарда 15 мектеп курулуп жатат. Мындай отуз жылда болгон эмес” дешет. Буга мэриянын эч кандай тийешеси жок. Ал республикалык бюджеттен каралган каражат. Аны мэрия кошумча каражат катары таап, мектеп курган жок. Болгону республикалык бюджет берген каражатка курулуп жатат. Ошондо дагы 15 мектепти так аныктап айтпай жатышат. Канча кошумча имарат курулууда? Канчасы жаңы курулуп жатат?.. Муну дагы жакынкы күндөрү биз айтабыз.
-- Бюджеттин аткарылышы кандай?
-- 15,2 млрд. сом кылып бюджетти кабыл алган. Бишкек шаарынын киреше булагы кеминде 7,-7,5 млрд. сом. Чыгашасы да ошого барабар болсо керек. Бирок тилекке каршы, андайды көрбөй элебиз. Мунун аткарылышы баягы бир нече индикаторлордун негизинде бааланса болмок. Бирок бизде андай жок. Буга чейинки мэр Айбек Жунушалиев дагы эч кандай программасы жок башкарып келип, аягында башаламан болуп кетти. Азыркы мэр деле дал ошол кишинин жолун улантып келүүдө. Менимче, аз күндө Абдыкадыров ээлеген ордунан бошотулат.
Бул кишинин дагы бир чабалдыгы катары Биринчи Май районундагы “Тазалыкты” жеке компанияга өткөрүп бергенин бааласак болот. Анткени эч кандай эсеп-чоту жок, бир районду беш-алты таштанды чыгарган машинасы бар компанияга өткөрүп берип койгондугу. Машиналар жетишеби-жетишпейби? Канча кызматкери бар? Графиги кандай болот? Эч кандай маалыматты эл менен бөлүшпөй, өзү гана чечип берип жатат. Ошону менен “Тазалыктын” техникаларынын дээрлик жарымы бузулуп турат. Ошолорду оңдотуп, дайындап, шаардыктарга коммуналдык кызматтын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздап берген эмес. Демек, бул атайын жасалган иш аракет да. Атайын техникалардын баарын иштебеген акыбалга алып келип туруп, анан жеке тараптарга өткөрүп берип койду.
Жеке тараптарга өткөрүү да ачык конкурс же талаптарга ылайык болушу керек эле. Булар пилоттук режимде чечип өткөрүп калышты. Ошондуктан булар тыкыр иликтенсе, шаардын жоопкерчилигине дал келбеген кадамдар аныкталат.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити