Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төңкөрүштөргө каршы бейтарап коомдук кеңеш түзүлдү

Төңкөрүштөргө каршы бейтарап коомдук кеңеш түзүлдү

28-апрель, 04:19
472 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

26-апрелде өлкөбүзгө өбөк болууну, эл кызыкчылыгы үчүн иш алып барууну көздөп, 51 адамдан турган коомдук кеңеш түзүлүп, уюштуруу жыйынын өткөрүштү. Алардын курамында белгилүү коомдук ишмерлер Курманбек Осмонов, Элмира Ибраимова, Жылдыз Жолдошова, Бөдөш Мамырова, Акпай Сарыбаев, Айданбек Акматов, Бактыбек Калмаматов ж.б айыл чарба илиминин кандидаттары, медицина илиминин докторлору, полковниктер, адвокаттар, саясат таануучулар, жеке ишкерлер бар. Теңтөрагалык орундарга коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, генерал Исмаил Исаковдор шайланышты.

Жаңы түзүлгөн коомдук кеңештин курамында патриоттуулугу, чынчылдыгы, интеллекти бийик азаматтардын катары арбын. 

Май айынан баштап бул күчтүн иштерине күбө боло баштайбыз. Коомдук кеңештин түзүлүшү боюнча теңтөрагаларына кайрылдык.


Бекболот ТАЛГАРБЕКОВ: “Дос күйдүрүп айтат” дегендей, ачуу сын, сунуштарыбыз болот”

-- Коомдук кеңештин түзүлүшү учур талабы эле. Алгачкы кадамыңыздар кандай?

-- Бул жолу коомдук кеңеш түзүү боюнча чечим кабыл алабыз. Экинчиси, теңтөраганы шайлайбыз. Үчүнчүсү, коомдук кеңештин ичинде бир топ комиссия түзүлмөй болду. Ошол комиссиянын жетекчилерин, курамын тактайбыз. Бүгүн ушундай уюштуруу маселелери каралат. Май айынын 10-15теринде биринчи жыйын болот. Ошондо биз четинен маселелерди көтөрүп чыга баштайбыз. 

-- Курамына кандай адамдар кирди?

-- Биздин курамга төңкөрүшкө каршы адамдар кирди. Бул убакка чейин кыргыз бийлигинде үч ирет төңкөрүш болду. Үч жолкусунда тең мамлекеттин өсүүсү артка кетти. 10%дай гана пайдасы бар. Бийликке эскертүү болуп турду. 90% артка кетип жатабыз. Улам эле бир ууч адамдар бийликке келип алып байышып, өздөрүнүн маселесин чечип жатышат. Мунун баарына көзүбүз жеткен соң төңкөрүш болбош керек экен (!) деп чечтик. 4-5 жылдай аракетибизди көрсөк, көтөрүлгөн маселелерибиз менен шайлоого да барышыбыз ыктымал. Экинчи принцибибиз “Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” дегендей, биздин иликтөөлөрүбүз, сыныбыз, сунуштарыбыз ачуу болушу мүмкүн. Бийлик ошондон кандайдыр бир жыйынтыктарды чыгарышы зарыл. 

-- Оппозициялык кыймыл дагы түзүлдү. Алардан кандай айырмаңыздар бар?

-- Ал бириккен демократиялык кыймыл. Ошол кыймылга максаты бир, колдойм деген жарандар кирсе болот. Алардыкы чексиз. Биздики чектелүү. Ар бир мүчөнү карап туруп биздин көз караштарыбызга, принциптерибизге туура келгендерин гана алабыз. Оппозиция – бийлик менен күрөшөм деген күч. Алар оппозиция болуп жаралгандан кийин бийлик менен күрөшүү үчүн чыгышты. Биздин бийлик менен күрөшүүгө ниетибиз жок. Нейтралдуулукту карманабыз. 

Мисалы, биз козголсок эле “аа, булар бийлик жетпей калгандар экен” деп чыгышат. Бийлик өздөрүнө буюрсун. Бизге бийликтин кереги жок. Бизге өлкөнүн өнүгүшү жана чечилбей жаткан орчундуу маселелерин көтөрсөк деген максаттабыз. Бул бийликке да, өлкөгө дагы пайда. 


Исмаил ИСАКОВ: “Бизди кандай деп айтышпасын, элге жардам беришибиз зарыл”

-- Биздин бүгүнкү коомдук кеңештин жалпы саны 51 адам болуп жатат. Жогорку Кеңештин комитеттери сыяктуу тогуз комиссияга бөлүп чыктык. Ал ар бир тармакка 5-6 кишиден бөлүнөт. Ал тармактар төрагалары менен биргеликте өз багыттарына байланыштуу орчундуу көйгөлөрдү сунуштаса, терең талкуулап коомго алып чыгууга, чечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Максатыбыз мамлекеттин кызыкчылыгына төп келген маселелерди гана карап, чечүүгө көмөктөшүү.

Бизди кандай деп айтышпасын, элге жардам бергенибиз маанилүү. Эгер бийлик тарап туура иштерди баштаса, мамлекеттин кызыкчылыгын коргосо, анда колдойбуз. Эгер алар туура эмес иштерди аткарып жатса, “туура эмес кылып жатасыңар” деп сунушубузду берип, сын пикирлерибизди жолдойбуз. 

Биздин максат – бүгүн мамлекеттин кызыкчылыгын гана көздөө. Жогорку Кеңештин абалын көрүп жатабыз. Коомчулуктун кызыкчылыгына каршы келген сунуштар (пенсия жашы ж.б.) демилгеленүүдө. Өкмөттө да ушундай эле көрүнүштөр болууда. Биз ушул максатта коомубузга, элибизге жардам берели дедик. Буюрса, дымактуу, курч демилгелер менен чыгабыз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер