Мен эжеме окшобойм...

Телефонума тынбай коңгуроо келип жатты, шашып алсам, эжемдин көз жумганын кабарлашты. Шаардан айылга жеткиче ыйлап бардым. Барсам сөөктү жууш үчүн суу даярдап жатышыптыр. Мени ичине киргизишкен жок. Эжемдин сөөгүн көтөрүп чыгып кетишти. Мен аялдар менен бир бөлмөгө кирип калдым, алардын арасында сууга киргендер да бар экен. Алар мага:
-- Билесиңби кызым, кирпик улагандан кийин аны чыгаруучу бир нерсе барбы? Мен жооп бере электе эле кайра сөзүн улап:
-- Биз эжеңдин жасалма кирпигин чыгара албадык, тырмагындагы лагы, терилген кашы менен кепиндеп койдук, аттиң, эжең гусулсуз кабырда...
Мен мындан башка айтылган сөздөрдү уга албадым, анткени кулагыма "гусулсуз кетти" деген сөз кайталанып жаңырып турду. Эжем коюнгандын, жасангандын баары менин бетимде да чапталып турган. Эми түшүндүм, эмне үчүн мени сөөктү жууганга киргизишпегенин. Канчалык деңгээлде мусулмандыгымдан чыгып баратканымды, ыйманым менен жүргөнүм бирине бири такыр кошула албай жатканын, напсимдин кызыкчылыгына чөгүп баратканымды түшүндүм.
Ошондон тарта салондогу ишимди таштадым, бетимдеги боёкту өчүрүп, тазаланып, чыныгы мусулмандын гусулун алдым.
"Чоочун эркектерге көрүнүү үчүн жасанып, упа жана бетмайларды, лактарды коюп үйүнөн чыккан аял Аллахтын каарына калат" деген сөздөргө көзүм жеткенден бери көчөгө жупуну кийинип чыгып калдым. Чынында эжемдин окуясы менин көзүмдү ачып, жүрөгүмдөгү сезимдерди ойготту. Өмүрүмдүн аягына чейин акыретиме даярданып өтүүнү чечтим.
Асан кызы Диана
"Азия Ньюс" гезити