Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гапыр Мадаминовдон да көп эмгек сиңирген агайлар бар экенин унутпайлы...

Гапыр Мадаминовдон да көп эмгек сиңирген агайлар бар экенин унутпайлы...

03-апрель, 09:00
1 518 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кимдин-кимдин заманы, Гапыр Мадаминовдун заманы” дегендей эле болуп калды. “Энелер мектебин” түзүп, окуучуларды тарбиялоонун жаңы усулун иштеп чыгып, аты Алайга, даңкы далайга чейин жетти. Сериал тартылды, билим министринин кеңешчиси макамына ээ болду. Агартууда эмгек сиңирген кызматкер наамы бар. Соңку убакта Нуржигит Кадырбеков, Султанбай Айжигитов сыяктуу жердеш депутаттары Гапыр Мадаминовду төргө отургузушуп, жогорку убадалардан кеп салышканы таңгалдырат. Соцтармакта “кол ийрисине” тарткандар “Кыргыз Эл Баатыры” ардактуу наамын алып берүү демилгесин көтөрө башташты. Удургугандар ушинтип чуркап жүрүшөт. 

Натыйжада, Гапыр Мадаминовдун эмгеги бааланып жатканына баарыбыз күбө болуудабыз. Анан эми ашыра мактоонун да чеги болот го? Маселен, Өмүрзак Мамаюсупов Ноокатта физика, математика багытында билимкана ачып, аталган предметтерди окутуу боюнча жаңы усул иштеп чыгып, окуу китептерин жазган, бай тажрыйбага ээ. Анын окуучулары жетишкен ийгиликтерди санабай эле коёлу. Чындыгына келсек, Өмүрзак Мамаюсуповду билим берүү тармагындагы чечүүчү кызматтарга дайындаса жарашмак. Ошондо кандайдыр бир алга умтулууга, жаңычылдык көз караштардын жарышына күбө болмокпуз. Дегенибиз, Ноокат билимканасы башкаларга үлгү болуп, азыр да жакшы иштеп жатат. Аны туурап мурдагы министр Канат Садыков кудасы Эдил Молдоев менен “Билимкана” менчик мектептерин ачкан. Булар акча табууну көздөшкөн да. А Өмүрзак Мамаюсупов ушул кезге чейин “Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер”, же “Эл мугалими” деген наамдарды алган жок. “Муну жасап койдум” деп өзүн пиар кылып даңазалабайт, тынч эле үзүрлүү иштеп келет. “Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло” деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, Гапыр Мадаминовдон да көп эмгеги сиңген агайлар бар экенин унутпайлы... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер