Акыркы кабарлар
22:58
22:29
» Коом » Дагы үч адам каза болду, 84 бейтап жаңы катталды
Дагы үч адам каза болду, 84 бейтап жаңы катталды
15-ноябрь, 11:52

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 15-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду, үчөө тең вакцина албагандар.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2707 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 84 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (66 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 182 миң 425 адамга жетти. Азыр ооруканада 559 бейтап жатат, дагы 721 адам үйдөн дарыланууда.