Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөлүк лидерлерге жакындаган Байсалов президенттик шайлоого чыгабы?

Дүйнөлүк лидерлерге жакындаган Байсалов президенттик шайлоого чыгабы?

26-январь, 19:07
819 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттик шайлоо жакындап келатат. Аламанга аттанчулар бийликте, оппозицияда, о.э. орточул күчтөрдөн да чыгары шексиз. Үч жылга жетпеген убакытта такты үчүн күрөш башталат. Ага чейин айрым лидерлерди сересепке салып, негизги артыкчылыктарына, кемчиликтерине токтоло кетели. 

Вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун Фейсбук, Инстаграм баракчасына кирип, талдоо жүргүзүп көрсөң, анын эл аралык деңгээлдеги саясатчы экенине ынанасың. Тынымсыз жолугушуулардан кийинки сүрөт, видеолор, болгондо да дүйнөлүк лидерлер менен алака-катыштын маанисин чагылдырат. Өкмөттөгү эң билимдүү, тажрыйбалуу саясатчы катары дараметин көрсөтүүдө. Башка коллегаларынан кыйла жогору туруп, сабаттуу деңгээлин далилдеп атат да. Дагы бир кызык жагдай, Эдил Байсалов ички социалдык блокту жетектегенине карабай, ал тышкы саясатта да активдүүлүгүн көрсөтүп, жигердүү иштеп келатат. Чылгый интрига, кайым айтышуу, “кустуруу”, мамлекеттин туруктуулугу үчүн күрөшкөндөр күнүмдүк түйшүктөн көтөрүлө алышпай, көп нерсени байкабай калышы мүмкүн. А түпкүлүгүндө Эдил Байсалов арканды алыс ыргытып, Батыш-Чыгыштын үлкөн президент, премьер-министрлери менен мамиле түзүп, өзүн таанытып, кийинки президенттик шайлоого даярданып атабы? Азыртан эле чет элдик лидерлер жылуу кабыл алышып, жөн жерден колдоп жатышпаса керек. Камчы салдырбаган күлүктүн чыга турган мезгили жакындап калды окшойт. 

А кемчилигине келсек, Эдил Байсалов бийлик төбөлдөрүнө утурумдук кошомат кылып, мактап, ошол эле кезде оппозиция тарапты тилдеп жибермейи бар. Мындай эмоциясын бара-бара басаңдатып, элге жага турган саясатты аркаламай болгонун эшиттик (өзү сөз бергенине караганда). Президенттик шайлоого бир жыл калганда отставкага кетип, курч тилдүү оппозицияга айланары да божомолдонууда. Купуя саясый жүрүштүн ыкмасы эмеспи...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер