Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медербек Саидов, активист: “Өлкөбүзгө Түркиянын таасири менен чоң өзгөрүүлөр деле болбойт”

Медербек Саидов, активист: “Өлкөбүзгө Түркиянын таасири менен чоң өзгөрүүлөр деле болбойт”

06-июнь, 19:30
292 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Түркиянын президентинин шайланышына биздин өлкө дагы кайдыгер караган жок. Шайлоонун жыйынтыктарына токтолуп, дегеле жалпы таасири боюнча кеп козгосок?..

-- Түркияда шайлоо демократиялык жол менен өттү, бирок учурдагы президент Эрдоган оппоненттерин негизсиз каралоону дагы уланта берди. Бул да шайлоонун психологиялык абалын өзгөртөт. Негизи эле Түркияда ар бир шайлоо шаан-шөкөт менен таза өтөт, ага башкы себеп – жарандык коомдун өкүлдөрүнүн күчтүү болушу. Эрдогандын президент болуп келиши экинчи турда эле белгилүү болчу, себеби 5 пайыз менен өткөн Синан Оган Эрдоганды колдоорун белгилеген жана тарапташтарын Эрдоганга өтүүсүн өтүнгөн. 

-- Эми шайлоодон кийин Түркияда өзгөрүү болобу?

-- Учурда Түркия чоң экономикалык кризисте турат. Өлкө инфляциясы 84 пайызды түзөт, жумушсуздук 2021-жылы 11,5 пайызды түзсө, 2023-жылы 20 пайыздан ашты. Ошондой эле доллардын курсу 2017-жылдары 1 доллар 1,7 лира болсо, учурда 1 доллар 20 лира. Эркиндикти каалаган жаштардын көпчүлүгү демократиялык партиянын лидери Кылычдароглуга добуш беришкен. Жаңы муун 20 жылдан бери тактан түшпөй келген Эрдоганды кайра президент болуп келүүсүн каалабайт. Шайлоочулардын теңи өлкөнүн өнүгүүсүн жана башкаруу системасынын өзгөрүүсүн каалайт. Көпчүлүк түрк элдери Эрдоган менен алдыдагы 5 жыл ичинде чоң өзгөрүүлөр болуп кетүүсүнө ишенишпейт.

Буга чейин Эрдогандын учурунда Кыргызстан кандай болсо, эми деле эч өзгөрүүсүз калат. Балким аскерий шаймандар, учкучсуз учактардан дагы бир-экөөнү алышы мүмкүн. Бирок экономикалык жактан чоң өзгөрүүлөр болот дегенге ишенбейм. Бирок биз ким келбесин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн жакшы мамиледе болууга тийишпиз, дипломатиялык бекем көпүрө курууга аракет жасашыбыз керек. Бирөө менен урушууга негиз жок, ансыз деле дүйнө тынч эмес. Бергенин алып, алам дегендерин берип, ич ара тыгыз достук мамиле курушубуз зарыл.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер