Бактыгүл Көкөтаева: “Кандай десем, кайда кетсем? Жансыз ушул даректен”

Белгилүү акын кызыбыз Бактыгүл Көкөтаева менен маек курдук.
Жамгыр жыттанган, күз жыттанган сонун ырлар. Поэзия тамчылары...
-- “Жалгыз гана жамгыр калды эсимде” деген ырыңыздын тарыхы кандай?
-- Күз өзү акындардын табиятына жакын болсо керек. Куса, сагыныч жааган көчөлөрдү көргөндө түтө албай кетем. Ошондуктан күздү көрмөксөнгө салып, жашап өтүп кеткенге аракет кылам.
Бул ырымдын андай деле тарыхы жок. Болгону обону менен бирге жаралгандыгы менен гана башка ырларымдан айырмаланып турат.
-- Ырларыңыз менен тагдырыңызды окшоштурсак болобу?
-- Албетте, мен өзүмдү эле жазып бүтө албай жүрөм. Акындын баары эле өзүн жазса керек.
-- Бүгүнкү турмуш адамдар, жашоо маңызы тууралуу кандай ойдосуз?
-- Жашоонун маңызы жөнүндө эч нерсе деп деле айткым келбейт, болгону жаркырата гана жашаш керек.
Жамгыр калсын эсимде
Көктөм өткөн, көздөр чөккөн,
Көңүлдөр жок баягы.
Жаздагы өктөм, жашып төккөн,
Жамгыр да жок андагы.
Сезимдерим, эзилгеним…
Сизге деле сезилген.
Жаштыгыма, жан сырыма.
Жакын десем ким элең?..
Эми баары арман-кайгы,
Болсо болсун болгондой.
Сен да кеттиң кейибейин,
Тагдыр балким, ошондой.
Эстегенде, кез келгенде,
Арманымдай сезилбе…
Жалгыз гана жакшы ыр жана,
Жамгыр калсын эсимде.
Көңүл бошоп, өмүр мокоп,
Күзгө айланат каректер.
Кандай десем, кайда кетсем?
Жансыз ушул даректен.
Мезгили сот, мээрими жок.
Мен күндөрдөн тажадым,
Бакты үчүнбү, жакшы күндү,
Канча жолу самадым.
Жашыбайын, жашырайын,
Ыйлап алсам ызадан.
Кайрылбайын, кайгым барын
Айтпай күндү узатам.
Барамын деп, чаламын деп,
Кайра өзүмдү соороттум.
Бирок билбейм, дирилдебейм,
Балким мени жоготтуң.
***
Сыртта жамгыр нөшөрлөгөн, төгүлгөн,
Тышта тагдыр көрүнбөгөн, көрүнгөн.
Чалбай, келбей, чакырылбай эч жерге,
Эчак эле жалгыз калган өңдөнөм.
Сүйүү десем сүйүү дагы бүттү эми,
Ал бир арман айтылбаган мендеги.
Эч бир жерде ырдалбаган обондой,
Өзүм менен жүрө берип эскирди.
Турмуш кээде мен күткөндөн оор болуп.
Кор болбочу жерде турдум кор болуп.
Басаар жолум дагы канча ким билсин,
Баш-аягын таппайм кээде ойлонуп.
Келди десем кетип барат жаз дагы,
Кемигенден кемип барат жаш дагы.
Жакшы күндөр али алдыда деп жүрсөм,
Жаштык менен бүткөн окшойт баардыгы.
Бүтпөй эч бир тиричилик үйдөгү,
Бүгүн дагы күндөгүдөй кеч кирди.
Ушул жамгыр бугум дагы, ыйым да,
Кайран өмүр кайда чачтым өзүмдү.
Кимден билбейм мээрим күтүп жашадым,
Кетсең кетчи мен да сенден чарчадым.
Толгон кезде ыйлап алып бирөөгө,
Мен да өксүгөн ыйын уктум канчанын.
Сыртта жамгыр нөшөрлөгөн, төгүлгөн.
Тышта тагдыр көрүнбөгөн, көрүнгөн.
Өмүр мага өксүк болуп туюлат.
Корком кээде кокус келчү өлүмдөн.
"Азия Ньюс" гезити