Кайрат Итибаев: “Мамлекеттин менчигинде турган банктарга ишеним арталы”
Жумушсуздуктан борбор калаага агылып келген үй-бүлөлөр, жаштар арбыды. Учурда баш калаабызда болжол менен миллиондон ашык адам жашаары белгилүү. Элдин дал ушул абалын пайдаланган, шумдуктуудай жарнамалары менен элди кызыктырган кооперативдер пайда болду. Ушулар тууралуу экономика боюнча эксперт Кайрат Итибаев менен маектештик.
-- “Ар кандай жеңилдиктер менен үй берилет” деген жарнамаларга ишенсек болобу? Эл мээнет менен тапкан акчасын салып, алданып калбайбы?
-- Негизи батир алардан мурун, ошол жол аркылуу батир алгандар менен кеңешүү зарыл. Орусча айтканда, “отзывдар” да көп ролду ойнойт. Социалдык турак жай деген бар. Келишимге кол коёрдо юристтер аркылуу ошол келишимде кандай негиздер, кандай шарттар каралганын тыкыр изилдөө зарыл. Эринбей эле бир юристти жалдап, нотариуска барып, келишимди текшертиш керек. Аны текшерүүдө интернеттен да жалпы түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал кооперативдин салыктары кандай төлөнгөн? Канча жумушчу иштейт? Кайсы объектилерди курушкан? Ж.б.
Текшерүүнүн көп жолдору бар: биринчиден, кардарлардын ою кандай? Экинчиден, кооперативдин документтеринин баары ыраспы? Үчүнчүдөн, кооперативди ким уюштурган? Минюста кимдин атына катталган? Канча салык төлөшөт?
“Кредиттик бюро” дегенди айталы. Ошол жерден канча насыясы бар? Кайсы банктар менен иштешет? Мунун баарын эске алып кароо керек. Ушундай маселелер боюнча элде дагы түшүнүк азыраак болууда.
Эгер эл катары, улут катары сакталалы десек, бизде мамлекеттүүлүк болуш керек. Анүчүн “Көп түкүрсө көл болот” дегендей, кошумча нарк салыгын элдин баары төлөгөндө, ички саясат дагы жүрүшмөк. Ушул сыяктуу социалдык-ипотекалык, мамлекетке караштуу программаларды мамлекеттин менчигинде турган банктар ишке ашырмак.
"Азия Ньюс" гезити