Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрзак Төлөбеков: “Медет Букуев экөөбүз Голливуд, “Нетфликс” жетекчилери менен жолугушабыз”

Өмүрзак Төлөбеков: “Медет Букуев экөөбүз Голливуд, “Нетфликс” жетекчилери менен жолугушабыз”

30-март, 19:04
901 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.

-- Өмүрзак мырза, “Манастын уулу Семетей” тасмаңыздар эмне болду? Жалпы эл качан көрөт?

-- Тасманы август айынын аягында кинотеатрларда бир аз күн көрсөтүп, токтотконбуз. Азыр чет өлкөлүк теле жана акы төлөнүүчү интернет каналдар менен сүйлөшүп, чет тилдерге котортуп иштешип атабыз. Ал эми 29-марттан баштап Американын теле жана интернет каналдарына, ошондой эле Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго, Филадельфия, Огайо шаарларында жашашкан мекендештерибизге тартууламакчыбыз.

-- “Манас” көркөм фильминин сценарийин жазып, чет өлкөлүк ири кинокомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканыңыз маалымдалган. Бул маанилүү долбоор боюнча кандай жаңылыгыңыз бар? Америкага бараткан экенсиз. Голливуд, “Нетфликс” менен кызматташа баштаганыңыздан кабардарбыз...

-- “Манас” көркөм анимациялык 3 сааттык фильминин сценарийин англис тилинде даярдап, тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Америкадагы элчилигинин жардамы аркылуу Голливуд менен “Нетфликске” сунуштадык. Дүйнөлүк улуу эпосубуздун негизинде эл аралык биргелешкен ири кинодолбоор тууралуу тасманын сопродюсери, Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Медет Букуев экөөбүздүн Голливуд, “Нетфликс” жетекчилери менен жолугушууларыбыз пландалууда.

Түркиянын дүйнөгө даңаза болгон “Эртугрул”, “Осман” сериалдарынын продюсери Мехмет Боздаг менен болсо келерки жылдан тартып “Манас” сериалын тартууга киришүү макулдашылган.

-- Демек, Америка менен 3 сааттык кино, ал эми Түркия менен сериал тартылуу сүйлөшүлүп аткан тура. Түркиялык киночулар менен макулдашуу жетишилгенин билдирдиңиз. Ал эми Голливуд менен “Нетфликс” деле биздин улуу “Манас” эпосубузга кызыкса керек?..

-- Голливуд “Манаска” кызыкдар. 2009-жылы маданият министри Султан Раев менен кинорежиссёр Болот Шамшиевди чакырышып, “Манас” эпосубуз боюнча биргелешип тасма тартууну сунушташып, канча каражат кетерин сурашканда Шамшиев өтө чоң сумманы айтып (120 миллион доллар), ошону менен долбоор ишке ашпай калганын Раев “Манастын уулу Семетей” тартыла баштаганда биздин долбоорду колдоп, ушул окуяны каңырык түтөтө эскерген. Биздин киночуларды чакырган продюсер Санфорд Панич анда Голливуддун “ХХ кылым Фокус” кинокомпаниясынын вице-президенти болсо, азыр андан да ири “Коламбия пикчерз” компаниясынын президенти. Биз азыр аларга чыгып, реалдуу баа менен иштешүүнү сунуштадык. Ошондой эле 220 миллион жазылуучусу – туруктуу көрүүчүсү бар дүйнөлүк эң популярдуу “Нетфликс” интернет каналына (стриминг платформа) да сунуш киргиздик. Буюрса, эми Америкага барып сүйлөшүп, чечишмекчибиз.

-- Сиз менен кошо продюсерлик кылып, президенттин кеңешчиси Медет Букуевдин баратканы долбоордун маанилүүлүгүн билдиреби?

-- Президенттин кеңешчиси Медет Омошович сапар алкагында Америкада эмгектенишкен мекендештерибизге жолугуп, кеңири ой бөлүшмөкчү. Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго, Филадельфия шаарларында жашап иштешкен мекендештерибиз бул улуу долбоорубузга сүйүнүшүп, кош колдоп кубаттап атышкандары үчүн ыраазылык билдиргибиз келет.

-- Өткөндө “Манасты” Америка, Түркия, Кытай биргелешип тартууга аракеттер көрүлүп атканын билдирдиңиз эле...

-- Сопродюсер Букуев Кытайга баратат, элчибиз Актилек Мусаев жана Пекиндеги мекендештерибиз көмөктөшүүдө. “Манастын уулу Семетей” тасмасынын бетачары буга чейин Анкара, Москва, Алматы шаарларында уюштурулса, Америкадан кийин буюрса, Кытай, Иран, Түштүк Корея өлкөлөрүндө өткөрүлмөкчү.

-- Улуу “Манас” эпосубуз дүйнөлүк Голливуд, “Нетфликс” өңдүү эң ири кинокомпаниялар менен тартылса, ыйык чыгармабыз аалам аралап, элибизге зор аброй апкелет эле. Элдик бул улуу миссияңыздарга ийгилик каалап, сүйлөшүүлөрүңүздөрдүн жемиштүү болуусуна тилектешпиз. 

-- Рахмат. Айтканыңыз келсин. Биздин аракеттерди элге туура маалымдап жеткирип келаткан сиздердин басма сөзгө чоң ыраазылык билдирмекчибиз.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер