Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айгүл Ырсалиева, эколог: “Кырсыктын алдын алып, жазында баарыбыз бак тигүүнү адатка айландыралы”

Айгүл Ырсалиева, эколог: “Кырсыктын алдын алып, жазында баарыбыз бак тигүүнү адатка айландыралы”

01-август, 10:45
384 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айгүл Жаманаковна, экологдор “дүйнө жүзүндөгү суу ташкындарынын себеби абанын булганышы” дептир. Абанын булганышы ушундай табигый кырсыктардын күчөшүнө шарт түзөбү?

-Албетте, ошон үчүн ар бирибиз жашаган жерибизди эле эмес, табигатка да аяр мамиле кылышыбыз керек. Абанын булганышы климаттын өзгөрүшүнө алып келүүдө. Климаттын өзгөрүшүнөн улам суу ташкындары көбөйүп атат. Күндүн ысышынан мөңгүлөр эрип, адамзатка чоң маселе жаратууда. Бул нерсе Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча чоң көйгөйгө айланды. Ошон үчүн ар бирибиз абаны таза сактоого үйрөнүшүбүз керек. Көптөр калдыктарды өрттөп койсо эле жаратылыш тазаланып калгандай түшүнүп атышат. Чынында андай эмес. Акыр-чикирлерди өрттөгөндө алардын түтүнү асманга чыгат. Кайра жаан менен чөптөрдү, жашылча-жемиштерди сугарат. Ошол чөп менен азыктанган малдын этин адам баласы жейт. Жыйынтыгы айыкпас ооруларга алып келет. Эгер денибиз сак, өмүрүбүз узун болууну кааласак, абаны булгабай, жаратылышка аяр мамиле кылышыбыз шарт

-Жаздан бери Кыргызстандын көп жеринде сел жүрдү. Себебине токтоло кетсек?

-Селдин көп жүрүшүнө токойлордун кыркылышы, кендердин казылышы жана сел ага турган каналдарды тосуп, эс алуучу жайларды куруп алганыбыз да себеп болуп жаткандай. Бак тикпей эле кырка берсек, мындай кырсыктар бат-бат кайталана берет. Ошон үчүн жердин кыртышын бекемдей турган бактарды тигишибиз керек. Болбосо, сел, жер көчкү, кыян деген кырсыктар азайбайт. Кырсыктын алдын алып, жазында баарыбыз бак тигүүнү адатка айландыралыАлар бизди табигый кырсыктардан сактап, жердин кыртышын тамыры менен бекемдеп берет.

Ошондой эле дамбаларды карап, жаракасын жамап туруу зарыл. Жарылган дамба дагы чоң чыгым алып келип, адам өмүрүнө кооптуу жагдай жаратат.

-- Айрымдар сууну кордоп, булгап жибергенибизди айтышууда. Мунун себептеричи? 

-Ал дагы туура. Адамзат табигатка аяр мамиле жасаганды үйрөнбөсөк болбойт. Сууну, жердикендерди да сарамжалдуу пайдаланбасак, Кудай түрдүү сыноолорду берип коюшу мүмкүн. Бул пикирди айтып жаткандардын дагы билгени бардыр. Чын эле Ак-Буура дарыясын булгап жиберишкен...

-- Алтын – жердин мээсиби? Тоонун баарын казып, алтын алуу да Кудайга жакпай жатабы? Бул боюнча кандай пикирдесиз?

-Бул пикирдин да туура жагы бар. Ошон үчүн алтын, күмүш, деги койчу, кендин баардык түрүнө аяр мамиле кылып, экологияны сактап, дарыянын жээгинде жашасак да, сууну үнөмдөшүбүз керек. Кумтөрдү казуу менен экологияга кандай зыяндарды алып келдик? Аны калыбына келтирүүгө чоң каражат жана көп мезгил керектелет. Жаныбарлар качышып, цианиддин таасиринен мутант болушту. Экологиялык катастрофа болбосун, Кудай сактасын дейли. Эми андай катачылыкты башка кендерде кайталабаганыбыз оң. Анткени, кесирленсек же ашыкча казып ачкөздөнсөк, табигат жазалап коёт. Кудайдын да жазылбаган мыйзамын аткарып, анан эртеңки күнүбүздү да ойлой жүрүшүбүз керек. 

Бүгүн суунун баарын агыза берсек, эртең эле ичерге суу таппаган жагдай жаралып калышы мүмкүн. Ошон үчүн агып жаткан сууга да сарамжал мамиле кылууну үйрөнүшүбүз зарыл. Анткени, кен түгөнгөндөй суу дагы түгөнөт. Ар бирибиз 50 жылдан кийин менин балам кайсы сууну ичет? Кандай жерде жашайт?” деп ойлоно жүрүшүбүз керек. Коромжу кылбай, баардык нерсени сарамжалдуулук менен пайдаланууну адатка айлантып, мамлекеттик деңгээлде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер