Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундуз Кырбашева: “Электр энергияны көбөйтүүнүн үстүндө ыкчам иштөө – мамлекеттин милдети”

Кундуз Кырбашева: “Электр энергияны көбөйтүүнүн үстүндө ыкчам иштөө – мамлекеттин милдети”

21-ноябрь, 19:48
248 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

--“Токтогул ГЭСинде экинчи агрегат ишке кирип жатат. Электр энергияны өчүрүү тез-тез кайталангандын себеби ошол” деген билдирүү бийлик тарабынан тараган эле. Бирок дагы деле жаңы конуштарда, айылдарда электр энергиясын өчүрүүлөр токтоп калган жок го?

-- Негизи кыш мезгили жакындаганда электр энергиясы көбүрөөк колдонулуп, сөз жок мындай көйгөйдү баштан кечиребиз. Чынын айтканда, электр энергиясын колдонуудагы суроо-талаптар жылдан жылга өсүүдө. Биздин мамлекеттин милдети – суроо-талап көбөйгөн сайын энергияны көбөйтүүнүн үстүндө ыкчам иштөөлөрү зарыл. Жеке бизнесмендерге дагы шарт түзүп бериш керек. Өзүңүздөр көрүп тургандай, 30 жылдан бери эч кандай жаңылануу болгон жок. Эч кандай чоң электр станциялар ишке кирип, энергетикада чоң долбоорлор ишке ашкан жок. Энергетикага болгон карызыбыз мен билгенден 2 миллиард сомдон ашык. Өткөн жылдан бери чоң долбоорлор үстүндө иштеп жатабыз. Бул кичинекей өндүрүш же бир-эки жылда бүткөрө койчу долбоор эмес.

 Мамлекет өзү кызыкдар болсо, бүгүнтөн баштап өзүбүздүн ички мыйзамдарды тууралаш керек. Тышкы инвесторлор боюнча деле көйгөй жок. Эң башкысы, биздин бири-бирине карама-каршы келген түшүнүксүз мыйзамдар үстүндө иштөө зарыл. Мыйзамдарды тууралоо – учур талабы. Мен бул боюнча дайыма белгилеп айтып келем. Ушул эле электр энергияга салынган инвестициянын кайтарымдуулугу, кепилдиги, канча жылда кайтарылып берилет – мунун үстүндө жакшылап иштөөгө муктажбыз. Эл дагы түшүнүш керек. Энергетика бул саясат эмес. Экономикалык жактан саресеп сала турган тармак. Баарыбыздын жашообуз энергетикага байланып калды. Эки саат жарык өчсө, жумушубуздун баары токтоп жатат. Жакынкы күндөрү автоунаалар дагы электромобиль болот. Ошондуктан энергетиканы экономикалык жактан кароого туура келет. Сөздүн кыскасы, калктын саны өсүп жатат (жакында эле жети миллионго жеттик), ал эми энергетика жетишсиз.

-- Министр катары келип кеткен жетекчилер боюнча кандай ойдосуң? Балким алар мыкты адис болсо, реформа жасай билсе, көйгөйлөр азаят беле?

-- Макул, энергетиканы жетектеген адам ошол тармактан чыккан болсо, анда туура. Бирок орун басарлыгына финансисттерди, чарба иштерин мыкты өздөштүргөн кадрларды кароо зарыл. Аракеттерин жасагансыйт, бирок жетекчилердин тез-тез алмашканы кесепетин тийгизип жатат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер