Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азимбек Бекназаров: “Саясатта, турмушта Текебаевге караганда Акун экөөбүз биргебиз”

Азимбек Бекназаров: “Саясатта, турмушта Текебаевге караганда Акун экөөбүз биргебиз”

01-июль, 22:24
2 433 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азыркы бийликтин кадамдарына, бүгүнкү саясый абалга көз карашыңыз кандай?

-- Азыркы бийлик өзүнүн өткөөл мезгилинин аягына чыгып баратат. Негизинен  азыркы биздин бийлик көптөгөн ички жана сырткы саясый күчтөрдүн каршы турганына карабай, көп жылдан бери улутчул, мекенчил саясатчылардын көтөрүп келген маселелерин ишке ашырууда. Ал – элдин тандоосуна жараша конституциялык реформа жүргүзүү, кен байлыктарды элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүү, Кумтөрдү, Жерүйдү чет элдиктерден өзүбүзгө кайтаруу, партиялык тизмени шайлатуудан, конкреттүү адамды тандоо шайлоо системасына өтүү ж.б. маселелер болчу. Булар тоскоолдуктарга, кемчиликтерге карабай ишке ашырылып жатат. Саясый абал деле өткөөл мезгилге ылайык бийликтин кетирген кемчиликтерин көтөрө чыгуу, кээде обу жок сындоо, кээде бийликти обу жок мактап коюу, камакка алуу менен коштолууда. Бийликке, саясый абалга көз карашым: тажрыйбалуу саясатчы катары өткөөл мезгилдин күнгөй-тескейи болорун эске алуу менен, бийликке убакыт, мүмкүнчүлүк берип, кыргыз элин ынтымакка, сабырдуулукка чакыруу позициясында.

-- Өзүңүздүн мындан аркы саясый пландарыңыз, кадамдарыңыз кандай?

-- Өзүмдүн көптөгөн план, максаттарым бар, ошолордун үстүнөн иштеп жатам.  Баарын убагы келгенде билесиңер.

-- Өмүрбек Текебаевдин “мен  Бекназаров болгондо, Турсунбек Акундун  колунан өөп, таазим кылмакмын. Турсунбек Акун  Бекназаров үчүн аягына чейин күрөштү” деген пикири социалдык тармактарда талкуу жаратты.  Бул боюнча сиздин өзүңүздүн пикириңизди уксак?

-- Өмүрбек Чиркешович мен жөнүндө эмне деп айтканын окубадым, укпадым. Ал экөөбүздүн бири-бирибизди сындай турган эч нерсебиз жок. Көп мезгилдерден бери саясатта бирге жүрөбүз. Аны менен жана Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү менен жакында эле жолуктум. Турсунбек Акун иним менен менин мамилем ага-инидей. Мен аны “жүзүмжандык иним дейм. Саясатта, турмушта жана башка көптөгөн маселелерде Текебаеге караганда Турсунбек экөөбүз биргебиз. Текебаев эмне үчүн антип айтканын түшүнбөдүм. Мени менен Текебаевдин кылмыш иштерин салыштырып болбойт. Мен кыргыз жеринин бүтүндүгү бузулуп жатканы үчүн күрөшкөм... Текебаев үчүн  деле Убактылуу өкмөттүн көптөгөн мүчөлөрү негизинен аягына чейин туруп бердик. Мага 2017-жылы «Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө берген» деп кылмыш иши да козголду. Ушуну туура түшүнсө, “аягына чейин туруп берүү” деген ошол. Текебаевдин да «колунан өөп, таазим кыла турган» адамдары көп. Мени коюп өзү ошону эстеп жүрсүн...

-- Кумтөр мындан ары кандай чечилиши керек?

-- Кумтөр боюнча бузулбай күчүндө турган бардык мурдагы келишимдерди Жогорку Кеңеш аркылуу денонсация кылуу керек. Бул менин ондогон жылдан берки айтып келе жаткан бекем позициям. Денонсация болгон соң, Кыргызстан Центерра компаниясынан бир тараптуу чыгып кеткенге укуктук жол ачылат. Башка жолду көрбөй турам...

-- Бабановдун Кумтөр маселесине канчалык тийешеси бар. Камалышына кандай ойдосуз?

-- Кумтөр боюнча Бабанов жана башка айрым камалган депутаттарды сүйлөгөн сөзү, берген добушу үчүн эле жоопко тартуу мүмкүн эмес. Мүмкүн тергөө органдарында алардын “Центеррадан” пара алган же “Центерранын” кызыкчылыгы үчүн башка мыйзамсыз аракеттерди жасаган фактылар болсо, анда билбейм... Ал боюнча маалыматым жок. 


 Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер