Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңиш Молдокматов саткынчы аталса, “замандашчылар” агитатор болуп кетишти

Жеңиш Молдокматов саткынчы аталса, “замандашчылар” агитатор болуп кетишти

30-декабрь, 23:38
2 168 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өпөң-чычаң секирик жасаган Жеңиш Молдокматов парламенттик шайлоого баруу үчүн Сокеден бата алып, “Замандаш” партиясын алып чыкканы эсибизде. Генералдарды, байларды чогултканы менен марага жетпей калышкан. Октябрь төңкөрүшүнөн соң Молдокматов туруксуздугун көрсөтүп, дароо Атамбаев жакка өтүп кетип, контрреволюция кылууга ашыкканы белгилүү. Эки ортодон Сокени сатып кеткенин жумурай журт көрдү. Кызыгы, жаңы бийлик да кабыл албай койгондон кийин учурда оппозиция болумуш этип, башын чээнден көтөрүп калыптыр. Ошентип, саясатта жолу болбогон Жеңиштин айласы кетип турган чагы. “Замандашчы” лөктөрү Садыр Жапаровду колдоп кетишти. Элмурза Сатыбалдиев, Улукбек Ормонов, Үмбөт Кыдыралиевдер түштүк регионунда агитация кылып жүрүшөт. Мелис Турганбаев, Дүйшөн Ирсалиев Нарындан Садыр Жапаровго карышкыр ичик жабууга, тайдын учасын тартууга аракет жасашса, ойлогондой “бовой” калдыбы?.. Ошентип, Молдокматов момойгон боюнча духу түшсө, “замандашчылар” чилдей тарап кетишкенине күбөбүз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер