Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Айтикеев, серепчи: “Өкмөттүн салык саясаты өндүрүшкө көңүл бурбай калды”

Кеңешбек Айтикеев, серепчи: “Өкмөттүн салык саясаты өндүрүшкө көңүл бурбай калды”

08-декабрь, 12:00
949 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кеңешбек агай, эч нерсе жакпаган, кылдан кыйкым издеген Өмүрбек Текебаев дагы экономикадагы өсүш байкалганын айтты. Сизге экономика жогорулап, турмушубуз оңоло баштаганы байкалып атабы?

-- Өмүрбек Текебаевдин экономикада өсүш байкалганы тууралуу айткан кебинде чындык бар. Бирок, экономика өндүрүштүн эсебинен эмес, эгебейсиз салык салуудан, “куструзациядан” жана мигранттардан келген каражаттардын эсебинен өсүп жатканы анык. 

-- Салык кызматынын эбегейсиз эмгегинен салык жылдагыдан көп чогултулуп жатканы айтылууда. Салыктын түрү ашыкча көбөйүп, карапайым элдин жонунан кайыш тилинип жаткан жокпу?

-- Ооба, салык кызматы жаңы салык тарифтеринин негизинде болуп көрбөгөндөй салык чогултуп жатышканы да анык. Баардык түрлөрү көбөйүп, карапайым элге оор болууда. Өкмөттүн салык саясаты өндүрүшкө көңүл бурбай, ар кандай ыкма менен элдин жонунан кайыш тилүүгө өткөнү ар бир түшүнгөн адамга белгилүү болуп калды.

-- Ошондо салык менен бюджетти толтуруп, мамлекеттин экономикасын көтөрүп жатабызбы?

-- Салык менен бюджетти толтурганыбыз менен мамлекеттин экономикасын сырттан келген 3 миллиард доллардан ашык мигранттардын каражаты көтөрүп жатканы талашсыз чындык.

-- Кымбатчылык ооздукталабы же акчанын куну күндөн күнгө жогорулай береби?

-- Ооба, күндөн күнгө баардык нерсе кымбаттоодо, аны көзөмөлдөп териштирген орган жок. Монополияга каршы агенттик эмнени көзөмөлдөп жатканы белгисиз. “Азыр 1000 сомго эч нерсе келбей калды” деп наалыгандарды көп көрөбүз. Чынында ошондой акыбалга келдик. Мына ошондон эле акчанын куну кетип баратканын байкасак болот.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер