Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гуля Алмамбетова: “Мага доо коюп жатышат”

Гуля Алмамбетова: “Мага доо коюп жатышат”

25-май, 17:50
432 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министрлиги өзгөчө абал учурунда коммуналдык кызматтарга жана ыктыярчыларга жолдо жүрүүгө өткөрмө кагаз алып бергенге жардамдашканы үчүн Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетовадан түшүндүрмө берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өзү билдирген.

Кеңешчинин айтымында, ага милициядан комендатурада иштеп жатканда качан, кимге жана эмне үчүн жолдо жүрүүгө өткөрмө кагаздарды бергенине түшүндүрмө берүү талабы менен билдирүү жөнөтүшкөн.  

«Бул абсурд жана жапайычылык! Мен «Түндүкэлектр», Батыш РЭС, “Бишкексууканал” үчүн уруксаат кагаз алганга жардам бергем. Мен түшүндүрмө берем, маселе жок. Өткөрмө кагаздар жардамга муктаждарга азык-түлүктөрдү жеткирген ыктыярчыларга, дарыгерлерди жумушка жеткирип, жумуштан алып кеткендерге берилген. Бир дагы пропуск туура эмес берилген эмес. Эми мага доо коюп жатышат!» деди ал.

Эскерте кетсек, Гуля Алмамбетова коомдук башталышта Бишкек мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси болуп иштейт.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер