Иштеп аткан ветклиника ордунда калуусу керекпи же бузулсунбу?


Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында 2018-жылы жеңил типтеги ветклиника АРИСтин көмөгү менен курулган. Акыркы учурда айылдыктар эки тарап болуп алып, бир тарабы ордунда калуусун талап кылып атат. Бир тарабы аны бузуп, ордуна бала бакча курулсун деп атышат. Эмнеге мындай ажырым чыгып атат? Биз эки тараптын, анын ичинде “бузулбасын” деген Абдылдабек Бокоевди жана айыл өкмөтү Гүлмира Көбөнованы кепке тарттык.

Абдылдабек Бокоев:
-- Абдылдабек иним, менин угушума караганда, силердин айылдагы ветклиниканы бузуп салып, анын ордуна бала бакча курулат дешүүдө. Ушу боюнча күйүп-бышып жүрөсүң. Ошондо бузулсун, ордуна бала бакча курулсунбу, же кандай?..
-- 2016-жылы АРИС 919 миң 828 сом берип, коомчулук 306 миң 610 сом, жалпы 1 миллион 226 миң 438 сом каражат жумшалып, биздин Баш-Кайыңды айылына заманбап жеңил типтеги ветклиника 2018-жылы октябрда курулуп бүтүп, ишке киргизилген. Ушу кезге чейин татынакай иштеп аткан. Анан эле ошо ветклиниканы бузуп, жанындагы балдар хоккей ойногон муз аянтчасын жана чектеш дагы бир жерди бириктирип туруп, “бала бакча курулат” деп айыл ичи уу-дуу боло түштү. Эки бөлүнүп, бир тарап “бузулбасын”, экинчи тарап “бузабыз” деп атабыз. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деген кеп бар эмеспи. Албетте, бала бакчанын бир эмес бир нечесин салышсын. Ага мен таптакыр каршы эмесмин. Бирок, жаным ачыганы: таптатынакай, заманбап курулган ветклиниканы эмнеге бузуп атышат?! Бала бакча үчүн биздин айылдан толгон-токой жер тапса болот да – бул биринчиси. Экинчиси – эмне үчүн ветклиниканын орду?
-- Ооба, мен да ушуну сурайын деп атам, ветклиниканы бузуп салып, анын ордуна эмне үчүн бала бакча курулушу керек?
-- “Курабыз” деп далбас уруп жүргөн саналуу адамдардын кандай кызыкчылыктары бар экени мага азырынча түшүнүксүз. Алар айыл тургундарына “ветклиника деген айыл четинен алыс. 5-6 чакырым жерге жайгашыш керек. Ал жерде малдын өтө опурталдуу, жугуштуу жана адамзатка да тескери таасирин тийгизе турган ооруларын дарылап же ошол жерден өрттөп, тереңдикке көмүп сала тургандай болуш керек. Мындай шартта айыл ичи кооптуу” деген дооматтарды жамынып атышкан сыяктуу. Эң кызыгы, биздин айыл ичинде жайгашкан ветклиника жеңил типтеги санитардык болуп атат. Бул жерде мал-жандыкка жугуштуу ооруларга каршы эмдөө, учетко алуу, чип берүү менен гана алек болушу керек. Бүгүнкү күнгө чейин өздөрүнө тийешелүү иштерди жакшынакай аткарып атса эле “бузабыз, ордуна бала бакча курабыз” дегендерин мыйзамсыздай көрүп атам. Бүтүн буюмду бүлдүрүп атканын туура көрбөйм. Кайсы учурда бузулушу керек? Эгер ал имарат жараксыз, авариялык абалда болсо бир жөн.
Учурдан пайдаланып, эң ириде президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылып, биздин Баш-Кайыңды айылындагы санитардык ветклиниканын мыйзамдуу түрдө ордунда калуусуна чара көрүп берүүңүздөрдү суранам! А баса, учурда ушул маселе боюнча мамлекетти коргогонум үчүн айылдын саналуу адамдары укук коргоо органдарына жаман көрсөтүп башташты. Чын-чынына келгенде, мамлекеттин жүргүзүп жаткан жигердүү саясатына эч кандай каршылыгым жок, болгон дагы эмес, болбойт дагы!

Гүлмира Көбөнова, айыл өкмөтү:
-- Гүлмира айым, сиз Баш-Кайыңды айылынын айыл өкмөтү болуп иштеп атыпсыз. Бала бакчаны курууда ветклиника, балдар муз тепкен аянтчаларга тийбей эле башка жерлерди караштырса болбойт беле?
-- Мен Баш-Кайыңды айылына 2022-жылы 29-августта ротация аркылуу кызматка келгем. Бала бакча салуу жөнүндө 2022-жылдын июнь айында эле айылдык чогулушта карап, “ветклиника башка жакка көчүрүлсүн” деп депутаттар чечим чыгарыптыр. Ошол боюнча бала бакчаны мамлекет салып бергени жатат. Жерлерди аныкташты, балдардын муз аянтчасына тийген жок. Бирок, ветклиника жеңил конструкция менен салынгандыктан, “көчүрүлсүн” деп, ал эми курула турган бала бакчанын топосъемкасы эбак эле бүтүптүр. Декабрь айында тендер жарыяланып, 2023-жылдын январь айында тендер ачылганы турат. “Ветклиника ордунда калсын” деген адам тийешелүү жактарга арыз жазды. Алар да карап көрүшөттүр. Ветклиника – айыл өкмөттүн менчиги.
-- Клубдун артында бир гектарга жакын жер бош экен. Ошол жерге бала бакча курулса болбойт беле?
-- Клубдун арты нормага туура келбейт экен.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











