Софья Апаева: “Бизде окуган студенттер 200 доллардан кем эмес стипендия алышат”


Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин кыргыз-кытай факультетинин деканы, кытай филология илимдеринин кандидаты, доцент Софья Апаева айым менен кыскача маек кылдык. Факультеттеги алгы иштер менен таанышып, анын өзгөчөлүктөрүн кенен-чонон айтып берди.
-- Софья Хусейновна, улуттук университететтеги сиз жетектеген кыргыз-кытай факультети тууралуу кыскача тааныштыра кетсеңиз?
-- Улуттук университетте 21 факультет бар. Анын ичинде биздин факультет динамикалык өнүгүү жолунда экенин толук кандуу айта алабыз. Эң ириде эл аралык карым-катнаш туура жолго коюлган. Бүгүнкү күндө 800гө жакын студент билим алууда. Студенттердин сан жагынан университетте 3-орундабыз. Экономика, юридикалык факультеттерден кийин эле биздики болуп калат. Факультет лингвистика, котормочу, эл аралык экономика, эл аралык укук таануу, кытай тили багыты боюнча адистерди даярдайт. Биздин факультет Кытайдын 30дан ашуун ЖОЖдору, университеттери менен тыгыз кызматташат.
-- 800гө жакын студенттердин канчасы бюджеттин, канчасы келишимдин негизинде билим алышат?
-- Студенттер үч баскычта: бакалавр, магистратура, докторантурага чейин жана болонья системасында билим алышат. Бир гана котормочу, котормо таануу адистигинде 5 жыл окуп, андан кийин аспирантурага тапшырса болот. Бизде бюджет жагы каралган эмес. Бирок, англис тилиндей эле кытай тилинде да тил билүү деңгээлин аныктоо боюнча сертификат алуу жагы бар. Эгер англис тилинде тойфл (TOEFL) болсо, а кытай тилинде эч ес кей (HSK жана HSKK). Демек, студент HSK 3 деңгээлин (баардыгы алтоо) бир жылдык өкуу мөөнөтүндө ийгиликтүү тапшырып, андан кийин кытай окуу программасына бюджетке тапшырса болот. Кытайда окуусун улантып аткан студенттердин дээрлиги бюджеттин негизинде жогоруда айтып өткөн үч баскычта окуусун улантат.
-- Кытайда билимин уланткан студенттер учурда барбы?
-- Биздин факультеттин ачылганына быйыл 12 жыл толот. Бул аралыкта студенттердин басымдуу бөлүгү Кытай мамлекетинин бюджетинин негизинде окууларын улантып жана аякташты. Себеби, биздин факультетке тапшырган студенттер тилди тереңден үйрөнүү жана Кытайга барууну, каада-салты, үрп-адатын билгилери келип, тарыхый жерлерди өз көздөрү менен көрүүнү максат кылышат. Пандемия баштала электе ар бир экинчи студент Кытайда бюджеттин негизинде окуган. Ал жерде жатаканасы, тамагы бекер, мындан сырткары, стипендия алышкан.
-- Стипендия алганы жакты...
-- Ооба, Кытайда 3 баскычта стипендиясы бар. Биринчиси, өкмөттүк делип, биздин билим берүү министрлигине грант катары бөлүнөт, экинчи баскычы Конфуций институтунун гранттары, үчүнчү баскычы Кытай университетинин гранты.
-- Сыймыктанган бүтүрүүчүлөрүңүздөр жок эместир?
-- Евгений Морозов деген бүтүрүүчүбүз бүгүнкү күндө Россия Федерациясынын тышкы иштер министрлигинде эмгектенип атат. Аскар Тыныбеков болсо “Adidas” фирмасында котормочулук жаатта иш алып барып атканын билебиз. Биздин эле Чүй боорундагы “Алтын кен” ишканасында, Казакстандын ири өндүрүштөрүндө да биздин кыргыз-кытай факультетин ийгиликтүү аяктагандардын жоон тобу бар. Андан сырткары, Кыргызстандын ЖОЖдорунда, мектептерде, бала бакчаларда кытай тили боюнча сабак берип, ийгиликтүү иштеп аткандар да жок эмес.
-- Кыргыз-кытай факультетине тапшыра турган абитуриенттер үчүн кандай маалымат бере аласыз?
-- Биринчиден, жалпы ОРТ (ЖРТ) тапшырат, кошумча предмети жок 105-110 балл болуш керек. Экинчиден, бир жылга контракт баасы 36 миң сомду төлөйт, болду. Бул сумма 2-3 жылга чейин көтөрүлбөй, өзгөрүүсүз калат.
-- Сиздердин факультеттин бүтүрүүчүлөрү Кытайга барып билимин тереңдетип, тил билүү тажрыйбасын кынаптап, жогорулатып турушабы?
-- Биздин эле бүтүрүүчүлөр Кытайга барып, докторантурага чейинки баскычты жана магистратураны бүтүп, билимдерин тереңдетип, Кыргызстанга кайтып келип, факультетте студенттерге сабак берип атышат. Бизде сабак берип аткан 63 мугалимдин баары бир кездеги өзүбүздүн бүтүрүүчүлөр. Эгер Кыргызстанда кытай тили боюнча эки илимдин кандидаты болсо, экөө тең биздин факультетте. Биринчилерден болуп мен жактадым, андан кийин кафедра башчысы Бермет Рыскулова айым жактады. Эң негизгиси, биздин студенттердин бирден-бир максаты – магистратураны Кытайдан окуп келүү.
-- Кытай мамлекетиндеги кайсы университеттер же ЖОЖдору менен тыгыз байланыштасыңар? Алар канчалык деңгээлде пайдасын тийгизип жатат?
-- Кытайдан биздин факультеттеги Конфуций институтуна ыктыярчылар келип, учурда эки ыктыярчыбыз иштеп атышат. Мындан сырткары, биздин мугалимдер Кытайга, алардын мугалимдери бизге квалификацияларын жогорулатуу үчүн келип турушат. Бул жагдай пандемияга чейин үзүрлүү жемишин берип турган. Ал эми пандемия учурунда бир аз солгундай түшкөн эле. Ошого карабастан эки өлкөнүн байланышы таптакыр үзүлгөн жок. Студенттерибиз онлайн менен окууларын улантып, керек болсо стипендия алып турушкан. Мен билгенден башка өлкөлөр стипендияларын беришкен эмес. Бериш үчүн студенттер окуу жайга барып, расмий түрдө бетме-бет окуп, сабактарга катышып, экзамендерин тапшыруу шартын коюшкан.
-- Ошондо сиздердин факультетте пандемия учурунда канча студент канча суммада стипендия алып окуп атты?
-- Пандемия учурунда 46 студент онлайн режиминде окуп, айына 3000 сомдон 8000 сомго чейин стипендия алып атты.
-- Аз эмеспи?
-- Бул эми пандемия учурунда онлайн окуу шартына байланыштуу болду. Ал эми жай шартта мамлекеттик грант боюнча 500 АКШ долларын, Конфуций институтунун гранты менен 300 АКШ долларын, мындайча айтканда, биздин студенттер болбоду дегенде 200 доллардан жогору алып окушат.
-- Жаңы окуу жылына даярдыктар, аны менен бирге 1-курска студенттерди кабыл алуу жагы боюнча эки ооз сөз?
-- Биздин факультетке тапшыра тургандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Быйыл 150 студентти кабыл алабыз деп турабыз. Жыл башында эле көптөгөн мектептерге барып, биздин факультеттин тарых-таржымалын айтып, учурда кытай тилин билүү менен ал мамлекетке баруу, каада-салты, ой-санаасын тереңден таанышуу кызык экенин айтып, окуучулардын көңүлүн тийешелүү деңгээлде бура алдык. Менимче, баардыгы ойдогудай болот.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











