Ош ШИИБ начальниги Нурланбек Бурканов тажрыйбасыз жетекчи катары айтылууда
Профессионал Жеңиш Жоробеков Ош ОИИБ жетекчилигинен кеткенден кийин атмосфера кескин түрдө начарлады. Бул боюнча өздүк курамдын арасында каңкууланууда. Себеби, жаңы начальник Нурланбек Бурканов уурулукту, кылмыш ачууну эле сурай берет экен. Ал эми коомдук-коопсуздук абалды чыңдоо, эл менен жолугушуу, профилактикалык иштерди жүргүзүү жагынан аксаганы кандай? Эске ала турган олуттуу маселеге келсек, өткөн чактарда Ош облусунда саясый чыңалуулар, ар кандай нааразычылыктар арбын катталып, чоң оюндар козуганы ырас. А учурда кырдаал дымып турат. Негизинен оппозициячыл лидерлердин басымдуу бөлүгү да ушул аймакта, алардын электораттары да арбын. Ооба, биз коңгуроо кактык. “Жаман айтпай жакшы жок” демекчи, кокус эртең нааразычылык акциялары жаралса, саясаттан анча түшүнүгү жок Ош ШИИБ начальниги Нурланбек Бурканов кантип иш алып барат? Маселенин өзөгү ушунда. Өздүк курамдан анчалык колдоо таппаган, тажрыйбасыз жетекчи алапайын таппай, качып кетпейби? “Керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей, жогорку жетекчилер да анализ кылыш керек. Эртең кеч болуп калбасын...
"Азия Ньюс" гезити