Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айылдыктар артта калышып, акчалуулар “Алтын сертификат” алышабы?

Айылдыктар артта калышып, акчалуулар “Алтын сертификат” алышабы?

21-июль, 15:18
448 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Американын эл аралык билим берүү боюнча борбору жыйырма жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрүнөн тестирлөө өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго кабыл алуу жүргүзөт. Жыл сайын 50 миңдин тегерегинде окуучулар ЖРТ тапшырып, ар бири 1350 сомдун тегерегинде АКСЕЛСке акча төлөйт. Орто эсеп менен АКСЕЛС жылына 67 миллион 500 миң сом каражат чогултат. Бирок, бул уюм тестирлөөдөн башка эч нерсе кылбайт. Билим берүү жана илим министрлиги башынан эле тестирлөөнүн эки тизгин бир чылбырын АКСЕЛСке берип коюп, улуттук рухтагы маанайын көрсөтө албай келет. 

Жөнөкөй эле талдоо менен быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгын карап көрөлү. “Алтын сертификат” алган 54 бүтүрүүчүнүн 39у Бишкек шаарынан, калгандары Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен облустарындагы жеке менчик (түрк лицейлери, Билимкана окуу борборлору) мектептердин окуучулары. Талас, Чүй облустарынын жана Ат-Башы районунун жалпы билим берүүчү мектептеринен 4 окуучу “Алтын сетификатка” ээ болгон. Ушунун өзү АКСЕЛС өткөргөн тестирлөөдө олуттуу көйгөйлөр бар экендигин айкындап турат. Анткени тестирлөө мектеп программасынан тышкары атайын даярдыкты талап кылат. Бишкекте буга жакшы шарттар бар, тестирлөөгө карата даярдоо борборлору иштейт. Ошондой эле түрк лицейлеринде, Билимканаларда жана башка менчик мектептерде бул багытта атайын даярдашат. Тестирлөөгө даярдануунун өзү 50-60 миңдин тегерегинде кошумча каражатты талап кылат. Акчасы жоктор атайын даярдана алышпайт, анан айыл мектептеринде тестирлөөгө эч кандай демилгелүү аракеттер көрүлбөйт. Ошон үчүн аймактардагы мектеп бүтүрүүчүлөрү “Алтын сертификатты” аз алып жатышат. Ал эми ЖРТ тапшырган окуучулардын 40 пайызы босого баллдан өтө албай калышкан. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер