Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балдарын таш кайнатып баккан энеге туш тараптан акчалар агылып келе баштады

Балдарын таш кайнатып баккан энеге туш тараптан акчалар агылып келе баштады

03-май, 04:18
2 173 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кенияда сегиз баласын тамак келерине ишендирүү үчүн очокто таш кайнатып жаткан эне бейтааныш адамдардан акча келгенин керемет катары кабылдады.

Момбасада жашаган Пенина Бахати Китсао очокко таш кайнатып жаткан видео тараган. Ал тамак келбесин билет. Антсе да балдарын алаксытуу, тамакты күткөн балдарын уктатуу үчүн ушундай ыкма колдонгон.

Аялдын кылганына таң калган коңшусу бул абал боюнча маалымат каражаттарына билдиргенде Кениядагы “NTV” телеканалы үйгө келип көрсөтүү даярдады.

Өткөн жылы анын жолдошун кылмышкерлер өлтүрүп кетишкен. Сегиз баласы менен жалгыз калган Китсао андан бери кошуналарынын кирин жууп оокат кылып келген. Бирок коронавирус эпидемиясынан улам бул иши да токтоду. Алар суу жана электр жарыгы жок эки бөлмөлүү үйдө жашашат.

Китсао окуганды, жазганды билбегендиктен кайрымдуулукка келген акчаны коңшусу ачып берген банк эсеби аркылуу алды. “Tuko” кабар сайтына айткандарында “Өлкөнүн ар тарабынан телефон чалып жардам көрсөтүү ниетин билдиришпегенде кениялыктар ушунча боорукер болоруна ишене алмак эмесмин”,-деди.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер