Акыркы кабарлар
21:02
» Саясат » Жеңишбек Токторбаев жер сабап, секирип-секирип элдин көңүлүн бурдурабы?
Жеңишбек Токторбаев жер сабап, секирип-секирип элдин көңүлүн бурдурабы?
06-май, 00:01

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев пиар кылуу стилин өзгөртүп, жаңыча чыгармачылык менен ишмердигин улантышы керек. А болбосо чуркаганы, желе-жорто жүргөнү, артына топ жетекчини ээрчитип алып ороңдогону эскирип, аягы күлкүгө айланууда. Аны туурагандар Африка, Америкадан бери чыгышып, анчейин жаңылыктай сезилбей калды. Эми эмне кылса жарашат? Заманбап идеяларды өркүндөтүү менен пиарын улантышы зарыл. Антпесе Жеңишбек Токторбаевдин рейтинги түшүп, эч ким деле сөз кылбай калат. Туурабы? Адаттан тыш, акылга сыйбаган ыкмаларды ойлоп таппаса, тамашалуу көрүнүштөр ишке ашпай калбайбы. Жер сабап, секирип-секирип элдин көңүл бурдурабы? А дээрлик реформа, жаңылануу, өнүгүү жагы канчалык жүзөгө ашары арсар...
"Азия Ньюс" гезити