Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президент Жээнбековду командасы уят кылды. Эми өзгөрүү болобу?

Президент Жээнбековду командасы уят кылды. Эми өзгөрүү болобу?

25-июнь, 12:17
892 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москва шаарындагы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга Сооронбай Жээнбеков командасы менен барып, тилекке каршы, делегациянын курамындагы эки киши коронавируска чалдыкканы белгилүү болду. Натыйжада, ажо чоң салтанатка катышпай калды. Бул эмнени билдирет? Албетте, президенттик аппараттын, дээрлик команданын шалаакылыгы, үлкөн иш-чарага олуттуу карабаганы да, туурабы? Мындай көрүнүштөн кийин кадр саясатын чечкиндүү түрдө жаңылоо, өзгөрүүгө багыт алуу шарт. “Ооруну жашырса өлүм ашкерелейт” дегендей, кеч боло электе катачылыкты оңдоого, алдыга секирик жасоого умтулуу керек. Мезгил талабы ушул. Себеби, 6 миллион адамдын тагдыры, алардын үмүтү президентке байланып турат. Андыктан, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков чечкиндүү кадамдарга барып, элдин тилегин аткарышы зарыл. Эми өзгөрүү болобу?..

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер