Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдыкерим Муратов, жазуучу: “Кашкар согушундагы эрдиги үчүн Алымбекке датка наамы ыйгарылган”

Абдыкерим Муратов, жазуучу: “Кашкар согушундагы эрдиги үчүн Алымбекке датка наамы ыйгарылган”

23-сентябрь, 15:09
717 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абдыкерим агай, Алымбек датка тууралуу көркөм роман жаздыңыз эле, ал чыгармаңыз алты айдын ичинде экинчи жолу басылып жатыптыр, бул киши тууралуу жазууга эмне түрткү берди?

-- Алымбек датка тууралуу мен кичине чагымдан көп укчумун, уруубуз адигине, Ноокаттан болом. Аксакалдар Алымбек датканын тарыхын, эрдиктерин айта берчү, кызыгып уга берер элем. Онду бүтүп Ош пединститутуна окууга кирдим, бизди чөпкө айдады – Алайдын Жошолу деген жерине, ал жердеги чалгы чапкан абышкалар да даткаларды оозунан түшүрчү эмес, анан 1-курсту бүтүп атканда фольклордук-диалектологиялык экспедицияга айдады, дагы Алайга, анда Кызыл-Коргон, Будалык, Сопу-Коргон, Ак-Босого деген жерлерден оозеки чыгармаларды жыйнадык. Анда да Алымбек датка, Курманжан датка тууралуу көп уктум. Ошентип бул ысымдар кулакка сиңе берди. Улам ар жактан материалдарды башыма жыйнай бердим. Айрым жерлерин баштап да жүрдүм. Ошол кезде Кудай жалгап, Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу жана «Алымбек датка Асан бий уулу» коомдук-кайрымдуулук фонду КР мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына, Алымбек датканын 225 жылдыгына карата деп поэзия, проза, драма боюнча адабий сынак жарыялап калды. Сынактын шартына ылайык 2024-жылдын 15-июнунан 2024-жылдын 15-октябрына чейин бир чыгарма жазып, уюштуруучуларга сунуш кылышың керек экен. «Жыгылсаң нардан жыгыл» дейт го, түз эле Алымбек датка тууралуу роман жазууну тездеттим. Жай саратанында баштап, төрт айда бүтүп, айтылган дарекке жиберип салып, жооп күтүп туруп калдым. Материалды алганын айтышты, башка кабар болдобу. Кийинки жылдын башында өз каражатым менен миң нускада чыгарып, китеп дүкөндөрүнө таратып салдым. Сурагандар көбөйө берди. Экинчи басылышын 225 жылдыкка карата «Алымбек датка Асан бий уулу» коомдук-кайрымдуулук фонду өзү каржылап, чыгарып, таратып берди. Ошентип бул роман «азыр эч ким китеп окубайт» деген заманда да тарыхка кызыгуучулар, китеп окуй тургандар бар экендигин тастыктады. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин 1991-жылы Алайдын Ак-Босогосунда Курманжан датканын 180 жылдыгы мамлекет башчысынын катышуусунда чоң салтанат менен белгиленип жатканда да Алымбек датка анча айтылбай кала берди. Себеби, Курманжан датка тууралуу материалдар көп эле, ошон үчүн да тарыхчылар ар тараптуу изилдешти, энебиз тууралуу жазышты. Экинчиден, ошол жылдарда биз үчүн чыгыш аялын – лидер аялды биринчи орунга чыгаруу өтө зарыл болуп турган. Андыктан адегенде зайыбын алдыга чыгарып, кийин анын күйөөсүнө келдик. Алымбек датка өзүнүн бир күнү шейит кетерин билгендей, тымызын жубайын саясый аренага чыгууга даярдап келгенсийт. Бир дагы аялзаты саясат менен иши жок кезде Курманжан датка Кокон асманында жаркыраган жылдыз болуп жанып турду. Аны жогорку деңгээлде сыпаттаган европалык саякатчылар, этнографтар, орус аскер адамдары, тарыхчылар көптөгөн материалдарды жазышкан. Бирок алардын баары совет учурунда көмүскөдө кала берген да, өткөн кылымдын 70-жылдарынан тартып гана аз-аздан чыга баштады. 

-- Ар кандай эле тарыхый адамдын туулган мезгили, жери, ата-теги сүрүштүрүлөт эмеспи, бул жагынан Алымбек датка тууралуу романыңызда эмнелерди жаздыңыз?

-- Албетте, Асан бий уулу Алымбектин туулган жылы тууралуу эки дата айтылып келет: бири 1799-жылы туулган дешсе, дагы бири 1800-жылы жарык дүйнөгө келген дешет. Бири туурабы, же экөө тең так эмеспи – айтыш кыйын, ал кезде балдардын туулгандыгы тууралуу маалымат атайын кагазга жазылып катталган эмес, ошон үчүн кайсы баланын качан туулганын мүчөл жылдарга карата, элдик саресепчилердин айтуусу менен, же ата-энесинин, туугандарынын эске түшүрүүсүнөн улам болжолдонуп аныкталып калган. Уруусу баргы, баргылар болсо бөрүлөр, жолжакшылар, сарттар менен бир тууган. Алар Адигиненин балдары. Адигинелер болсо мунгуштар менен бир тууган. Ар кандай жамандык-жакшылыкта ушул уруулук топтор биригип турган, балдарды тарбиялоо, душман менен урушка бирге чыгуу да, бийлерди шайлоо да ушундай уруулук ынтымакка байланып турган заман эле ал кез. Алымбектин атасы Асан бий эл башкарган, Батыш менен Чыгышка кербен айдап, соода кылган, Кашкар, Ош, Анжиян, Кокон, Бухара сыяктуу шаарларда дүкөндөрү бар таанымал киши болгон. Анын Бекмурат, Осмон, Өмүрбек, Алымбек деген балдарынын ичинен ушул Алымбеги өзгөчө назар түшкөн бала эле. Булар Алайда, Мадыда, Ошто жашап, Кашкар менен Анжиян ортосунда ээн-эркин каттап жүргөн. Түпкү аталары Миңсейит. Алардын урпагынан Тилекеси эл башкарган бий жана баатыр чыккан. Ал XVII кылымда калмактарга каршы кол курап, азыркы Кытай Эл Республикасынын Үч-Турпан, Ак-Суу, Кулжа, Кашкар аймактарында жана Фергана өрөөнүндө бийлик жүргүзгөн. Баатырдын урпактары 2011-жылы 23-июль күнү Алай районуна ооп түшөр Чыйырчык ашуусунда ага арнап аш берип, алыска көз чаптырып турган айры калпакчан айкелин орнотушкан. Ошол Тилекенин бир уулу Ажыбек же эл айткандай Ажы бий. XVII кылымдын 2-жарымында Кашкар тарапта, Фергана өрөөнүндө саясый аренага чыккан колбашчы жана кыраакы дипломат катары анын кыргыз тарыхында өз орду бар, бирок ошол орду тийешелүү баа-баасын ала албай жаткан инсан. Ажы бийден Алтыбай, Шаамырза, Жетибай, Бекмурза – төртөө болсо да, эл башкарар түйшүгү Шаамырзага тийди. Шаамырза Кокон хандыгынан ак бата алып, Ошко аким болду. Ошто жашады. Небереси Алымбек төрөлгөндө да ал Оштон келди. Алымбектин тай журту да оңой эмес тукумдар. Жийдегүл же көпчүлүк атагандай Жылжы байбиче Кара-Кулжанын жогору жагындагы Ажике жайлоосунун Качура деген конушун жайлаган тазбаргылардын Кутулмуш деген бийинин кызы. Ушул эки жак – бийлердин жана байлардын каны жана тарбиясы Алымбектин жашоосун ар дайым коштоп келген. Алымбек Алайдын Жошолу жайлоосунда туулган. Ал жерде Жошолу суусу агат. Каргаша-Кемпир деген каргыштуу таш бар. 

-Алымбек датка намазын үзбөгөн, көп окуган, илим-билимдүү киши болгон дешет...

-Атасы Асан бий көп элди, көп жерди көрүп, окуунун кадырын түшүнгөн киши эле. Атайын молдо чакыртып Алымбекти өтө жашынан окута баштайт, ал кезде араб ариби колдонулган, бала аптиекти окуп, чаар китепке өтөт, кат сабатын жоёт, апасына, башка балдарга да китеп окуп берет, арибдерди көрүнгөн жерге жазып, бири-бирине кураштырып кыраатын келтирет. Уулунун аракетине көңүлү толгон Асан бий аны кербендерге кошуп Кашкарга алып барат. Шакир деген жетим бала аны менен дайым кошо жүрөт. «Кутадгу билиг» дастанын жазган Жусуб Хас Хажиб атабыз, «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» деген энциклопиялык эмгегин жараткан Ысык-Көлдүн Барскоон айылы турган жерде туулган Махмуд ибн ал-Хусейн ибн Мухаммед деген атабыз ушул Кашкарда илим-билим алып, китептерин жазган эмеспи, алардын кабырлары да ошол шаарда. Кашкар медресесинде эки жылдай окуп, Алымбек ал жердеги Аппак кожонун, жогорудагы аталардын кабырларына зыярат кылды, алардын жөнүн укту, кылган иштерине суктанды. Кашкарда атасы ага Ли-Чань деген устат таап берди. Кытай экен, ханзуча сүйлөп айткандарын уйгур мудариси Кадыракун которуп түшүндүрөт. Алымбек Кашкарда болжолу 1808-1810-жылдарда окуду. Ал жерде ислам илимин гана үйрөнбөй, балдардан казак, уйгур, кытай тилдерин да үйрөндү, жер көрдү, эл көрдү, адамдарды таанып билди. 1810-жылы Кашкарда кожолор тополоңу деген чыкты, шаар тынч болбой калды. Кайра Алайга кетүүгө туура келди. Ошол доордо Борбор Азияда диний билим берүүчү эки ири борбордун бири Кашкар болсо, бири Бухара эле. 1813-жылдын күзүндө Арык деген абаларынын жетегинде Бухарага келди. Бу калаа дин ордосу, билим ордосу эле. Алымбек менен Шакир ушул жерге – ушундай медреселерден илим алууга калды. Жакыпбек аталык салдырган медресеге киришти экөө. Алымбек менен Шакир үжүрөдө жатып алып, чырактарын жандырып, кышында бутун сандалга, жайында арыктагы сууга салып коюп Курани каримдин аяттарын, шарияттын эрежелерин, пайгамбардын хадистерин жатташат, балдар менен газел окушат, бахстарга катышат. Бир жолу Алымбек, анын жанында жүргөн алайлык жетим бала Шакир, казактын Казыбек бегинин небереси Максүт үчөө тилегин ишке ашырганы Меккеге бара жаткан кербендердин тобуна кошулуп, жолго чыгат да Ыстамбулга барат, андан Мансур деген кишиге кошулуп Римге өтөт. Төрт ай жүрүп Кара деңиз аркылуу Севастополго түшүп, анан Казань, Уфага өтүп, акыры Алайга келет... Ушулардын баары баланын көзү ачкан, дүйнө тааныткан, ар нерсеге бышырган. Ал диний сабаты гана эмес, терең билими да болгон. Ошон үчүн да ал жаш жигиттерди өзүнүн артынан ээрчитип жүрө алган.

-Алымбек эл ичинен кандайча лидер болуп чыга келди?

-Биринчиси ал жигит курап, Кокондон келип зекет жыйнап жүргөн адамдар менен кагылышып, алардын элдин канын соруп жатканына чыдабай Алайдан кууп жиберип, көпчүлүктү бир ыраазы кылган. Он беш-он алты жашында Асан бий Кокон амири Умарга барат, алтын тагын куттуктап. Ал Ош тараптан бөрү уруусунун Алгожо, бостондордон Эшкожо, жоош уруусунан Алымсейит, баргылардан Сейитказы деген бийлерди ээрчитип алат. Ошолорго кошуп уулу Алымбекти да эргештирип барат, көрө берсин дейт. Умар хан Кокон хандарынын эң мыктысы болгон, аялы Махлар айым да Надира деген ат менен фарсийче ырларды жазган. Бала ушулардын көзүнө чалдыгат. Кийин 1818-жылы Кара-Дарыя боюнда Айдаркул деген бай атасы Бекниязга аш берет, аштан чыр чыгат, жаңжал кыйла тереңдеп баратканда Алайдын беги катары жаш Алымбек акыл-эси, парасаты менен уруштун алдын алып калат. Ошондо аны эл дагы бир жолу колдогон. Кийин эр жетип азамат болгондо Анжиянга бек болот. Кокондун он беш бектигинин бири. Ириси. Жери да көп. Кытай чегине чейин жетет. Хандыктын чыгыш дарбазасы. Эзелтеден жоолашкан кытай жактын тосмосу. Улуу саркарда жана акын Закириддин Мухаммед Бабырдын киндик кан тамган топурагы ушул калаада. Анжияндын карамагында баары бар – коон-дарбыз талаалар, жүзүм-анар бактар, тоо-тоодон салаалардай агып түшкөн Кара-Дарыядай чоң суулар, асман тиреген ак карлуу тоолор, Жибек жолунун төрт тарапка кетер тарамдары. Эң башкысы, түнү-күнү тыным албай иштеген мээнеткеч калкы бар. Анжиянда бек шаарда тынч алып жатпайт. Кашкар жакта Жаангир кожо кытайлар менен согушуп, Кокон ханы мусурмандарга жардам берүү үчүн Алымбекти жиберет. Алымбек кол курап барып, хандын тапшырмасын толугу менен аткарат, 1831-жылы Кашкар согушунда катышкан эрдиги үчүн жана да хандыкка кызмат кылуунун келечегин ойлоп Мадали хан тарабынан Алымбекке датка наамы ыйгарылды. Асан бий уулу Алымбекке бул наамды Кокондо хан ордодо дубан алдында тапшырып жатып, Бухара-и Шарифтин шайх-уль-Исламынын ыйык фатвасы менен ыйгарып жатканын хан баса айтты. Ошондон анын даңкы жаш датка катары Бухарага да, Кашкарга да угулат. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер