Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Толгонай Солтонова, Айбек Бусурманкуловдун жубайы: “Эгиз кыздарым “аталап” ыйлап, куса болуп жатышат”

Толгонай Солтонова, Айбек Бусурманкуловдун жубайы: “Эгиз кыздарым “аталап” ыйлап, куса болуп жатышат”

17-октябрь, 20:09
727 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Толгонай, Айбек менен кабарлашып жатасыңбы? Ден соолугу кандай? Бир сапар ооруп атат деген маалымат чыкты эле...

-Айбектин камалганына бир жылдын жүзү болсо да, жолуга элекпиз. Сотто да аны көргөнгө мүмкүнчүлүк беришпейт. Ага учурашуу да ушунчалык машакат. Кичине ачыгыраак жер болсо эле конвойлорго тостуруп коюшат. Жок дегенде сотко келатканда көрөйүн десең да, конвойлор тез-тез бастырып алып өтүп кетет. Соттон көрүүгө үмүт кылып келсең да, көрө албай арманда кетесиң. Кат жазайын десең, аны адвокат аркылуу бериш да өзүнчө маселе. Ал сот болордо эле Айбек менен жолукпаса, ашыкча кирип чыга албайт. Ошондуктан, кат деле жаза албайбыз. 

Айбек үч жолу ачкачылык кармап, 10 кг арыктады. Жаңы камалганда абдан кыйналды. Пневмониясы кармап, 2-3 ай ооруду. Ден соолугуна санааркадык. Өзүбүз үйдө болгонубуз менен жүрөгүбүз Айбекте. Бир жыл аралыгында кыйноолорго кабылбаса экен деп жаныбызды коёрго жер таппаган оор күндөрдү баштан кечирдик. Азыр деле СИЗОнун шартын укканда аман-эсен чыкса экен, балдарын кучактап, саргайып күткөн кыздарынын сагынычын таркатса экен, ата-энесинин маңдайына барып, аларга кубаныч тартууласа дейм.

-- Кичинекейлериңиз чоңоюп калыштыбы?

-- Айбек камалганда эгиз кыздарым эки гана жашта болчу. Азыр үчкө чыгып калышты. Бирок, Айбекти сагынып, куса болуп аталап ыйлап жатышат. Уул-кыздарыбыздын улуулары эле атасы камакта экенин билбесе, кичинекей үчөө билбейт, “атаң командировкада деп койгонбуз. Качан келет?” деп жол карап, куса болуп жатышат. Эгиз кыздарым кээде түнү менен уктабай ыйлап, чочуп, түйшөлүп чыгышат. Аларды көрүп, “балдарың жүрөктү оорутушат экен деп үйгө келгендер кеткенче шашышат. Айбектин сотто сүйлөгөн сөздөрүн угуп алып, кайнене, кайнатам санааркашканбы, ооруп калышыптыр. Капельница алып атып, он күн дегенде араң эс алышты.

-- Айыпталып атканы боюнча да токтоло кетсең?

-- Чынында Айбек камала тургандай деле күнөө кылган эмес. Анын кылдай да айыбы жокТабиятынан мекенчил. Ага жер, суу, кен байлыктын баары кымбат. Элдин ырыскысы элде калсын деп жаш кезинде эле ачка-ток экенине карабай акцияларга катышып жүрчү. Бул жолу деле ошондой эле максат менен барган. Мыйзам бузуп, бийликти басып алам деген капарында дагы болгон эмес. Аларга жасалма иш токуп, ойго келбеген күнөөлөрдү коюп, камакта кармашууда. Чынында Кемпир-Абаддын берилишине нааразы болгондорду сүйлөштү кылган аудионун баары монтаждалып жасалган. Айбек эч качан мамлекетке чыккынчылык кылбайт. Ага коюлуп жаткан күнөөнүн бири да дал келбейт. 

Баса, соттордун адилетсиздигин мен да жонтерим менен сездим. Себепсиз камабай чыгаргыла деген талап менен ИИМдин алдына чыкканбыз. Кеткени жатсак, өздөрү провокация уюштуруп, жыйынтыгында бизди камап коюшту. Адилеттүүлүк үчүн болсо да соттошууга бардым. Ошондон кийин чындык төө бастыда каларын, адилеттүүлүк жок экенин, соттор каалагандай чечим чыгара берерин өз көзүм менен көргөн соң ишендим. Бирок, калыстык өкүм сүрүп, Айбек тез арада үйгө келип калышын каалайм. Баарыбыз сагындык. 

-- Айбек менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн учурда эле активист, мекенчил жигит менен турмуш курууга бел байлаганыңды туйдуң беле?

-Ооба. Айбек жаңы муунду, мекенчил жаштарды өстүрүүнү максат кылчу. Өзү да эч нерсеге кайдыгер карай алчу эмес. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, үйлөнүү чечимине келген мезгилде Айбек өзүнөн өзү эле жок болуп кетти. Телефону да иштебей, дайыны дагы чыкпай калды. Үйлөнөр күндү болжоп алып, эмнеге жоголуп кетти?” деп таңгалдым. Кокустан эле инисине жолугуп калдым, “ал бир акцияга чыга коюп, үч күн камалып калган” деди. Ал камактан чыккандан кийин үйлөндүк. Беш балалуу болдук. Бирок, Айбек азыр да ошол позициясынан кайта элек.

-Айбек бир жылдан бери камакта болсо, беш баланы кантип багып жатасың? Тамак-аштан кыйналган жоксуңбу?

-Ата-энем жардамга келет. Туугандар, досторубуз каралашып жатышат. Бирок, бизде да көйгөй бар. Үйдү ипотекага алганбыз. Ошону төлөө маселе жаратууда. Ишке чыгайын десем, Айбек “кыздар кичине, иштеп кетсең балдар каралбай калат” деп койгон. Эгиздерибиз үчкө чыкты, эми иштей берейин десем, ветрянка чыгып, ооруп калышты. Эми эки жума үйдөн чыкпашыбыз керек деп отурабыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер