Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрмек Исмаилов: «Вирус күчөсө карантин кылбайлы, эл көтөрө албайт»

Эрмек Исмаилов: «Вирус күчөсө карантин кылбайлы, эл көтөрө албайт»

19-октябрь, 15:48
1 314 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мектептер арасындагы коронавирус илдетин алдын алуу иш-чара кандай жүрүп жатат, максаты кандай? 

-Бүгүнкү күнү мектеп окуучуларынын коопсуздугу маанилүү болуп турат. Өзүңүздөр билгендей, пандемия биздин билим берүү тармагына сокку урду. Дегенибиз, балдарыбыз бир жылдан ашык убакыт мектепке келип билим алышкан жок. Онлайн окуп жатышты, бул өз кезегинде алардын билим деңгээлине таасирин тийгизди. Азыр окуучулар мектепке барышууда, бирок ковид биротоло кеткен жок жана качан кетери да белгисиз. Ошондуктан учурда Роза Отунбаеванын демилгеси менен «Сак мектеп» платформасы түзүлдү. Ал жерде ковидге байланыштуу баардык маалыматтар бар. Айрыкча билим берүү тармагына, мектеп окуучулары үчүн багытталган. Мугалимдер үчүн дагы абдан ыңгайлуу. Окуучулардын ден соолугунун коопсуздугу абдан маанилүү. Негизги максаты – COVID-19дун алдын алуу жана окуучулар арасында санитардык-гигиеналык маданиятты жайылтуу. Жакында ушуга байланышкан жумалык өттү, ага пилоттук негизде Бишкектен 5 мектеп, Ош шаарынан 2 мектеп катышты. Окуучуларга дарыгерлер тренингдерди өттүк, санитардык-гигиеналык эрежелерди, коомдук транспортторду туура колдонууну окуучулардын адатына айлантуу аракетин жасап жатабыз. Берилген суроолорго окуучулардын жооп бергенине караганда, алардын 80 пайызы ковидден сактануунун жолдорун, кеңири маалыматты билишери белгилүү болду. Бул аракеттер мектептердин кайрадан карантинге жабылуусунун алдын алат деп ойлойм. Дүйнө жүзүндөгү практика көрсөткөндөй, мектептерди жабуу окуучуларга терс таасир этет. Мындан улам окумуштуулар кандай гана оор кырдаал жаралбасын, мектептерди жабууга жол бербөөгө үндөп жатат.  

-- Жалпы өлкөдөгү абал кандай? 4-толкун туурасындагы маалыматтар кооптонууларды жаратууда...

-- Акыркы эки жумадан бери сасык тумоо күчөп, тамагы ооруп, башы айлангандар көп болууда. Бул ковид эмес, себеби, вирус болсо ПЦР-тест тапшырганда ачык көрүнүп калмак. Ошондуктан муну сезондук сасык тумоонун күчөгөнү катары кабыл алсак болот. Былтыр ушул маалда ковид күчөп турган. Вирус менен сасык тумоо бир учурда чыга албайт экен, ошон үчүн вирус күчөсө сасык тумоо жайылбайт, грипп күчөсө вирус азайып калат. Ар бир пандемия 4-5-толкунга чейин болот экен. Ошондуктан 4-толкун болсо дагы баштагыдай күчтүү эмес, мутация болуп отуруп, бара-бара кадимки сасык тумоо сыяктуу болуп калат деп ойлоп жатам. Менимче, карантин болбойт, себеби биз медицина жактан эле эмес, экономикалык абалды дагы эске алышыбыз абзел. Дагы бир жолку карантинди эл көтөрө албайт, ал эми кымбатчылыктын күчөгөнү кошумча түйшүк жаратат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер