Архив кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлбөй, кымбатчылыкта “бекер” иштешүүдө
Азыр Кыргызстанда эң аз айлык архивде иштегендердики. Музей, маданият тармагынын, мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлдү, а мамлекеттик маанидеги жана жеке жарандардын документтерин көздүн карегиндей сактап, аларды системалаштырып, архивдик документтер менен иштеген кызматкерлердин айлыгы көтөрүлгөн эмес. Мурдагы жетекчиси Ахмедов Орунбай бир топ байып, ирденгени менен жеке кызыкчылыгынан башканы ойлобой, архив кызматына деле көңүл бурган жок. Анын ордуна келген Алыбаева Мария архив өлкөнүн казынасы экенин түшүнбөй, Жогорку Кеңешке барып алып депутаттардын алдында архивдин ишин айтып бере албай, тийешелүү мыйзамды коргой албай жүдөгөн. Ошо менен баардыгынын айлыгы көтөрүлгөндө архив кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлбөй, азыркы кымбатчылыкта өкмөткө “бекер” иштеп берип жатышат. Ошону эске алып, министрлер кабинети архив кызматкерлеринин маяна маселесин карап койсо жакшы болмок.
"Азия Ньюс" гезити