Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орозонун касиетинен апам арагын таштап, бозоргон үйүбүзгө жан кирди

Орозонун касиетинен апам арагын таштап, бозоргон үйүбүзгө жан кирди

21-май, 22:41
7 157 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Таттуу уйкумду телефондун шыңгыраганы бузду. Саат алтыдан өтүптүр. Сабакка кеткиче от жагып кетишим керек. Сиңди, инилерим ачка болсо да жылуу отурсун дейм. Ушундай күн келери түшүмө да кирчү эмес. 

Атам менен апам эрте үйлөнүшүптүр. Атам колунан да, тилинен да келген кыйын киши экен. Элдин асты болбосок да арты эмес элек. Жаңы салынган үйүбүз, бирин-экин мал, атам жумушка барып келгенге машинебиз бар эле. Атам шаарда өрт өчүрчү мекемеде иштейт. Ал жаш кезинде жетим калып, бир туугандарын да билчү эмес. Апам бир үйдүн кичүү кызы болгондуктан, тайлар жакшы жардам берчү. Эртең менен апам от жагып чай кайнай баштаганда, сүт жыттанганда турчумун. Апам бизге чай берип коюп, өзүнүн иши менен алек болчу. Атам өзү жетим өскөнгөбү, бизге аябай мээрим төгүп бакты, апама бир катуу сөз айтпады. Жайында баарыбызды салып алып көл жээгине, же шаркыратмага алпарып эс алдырып келчү

Күндөгүдөй сабакта болчумун. Эжейим кирип, “үйгө тез бар” деди.  Эчтеке түшүнбөй үйгө келсем, топтошкон эл, апам ыйлап отурат, бир туугандарым көздөрүн алайтып бурчта отурушат. Жумушка кеткен атам жүрөгү токтоп каза болуптур. Ыйласак да, чыркырасак да атам күлүмсүрөп уктап жаткандай кете берди. Анан апам өзүн такыр таштап салды. Атам кеткени ызы-чуу болуп ойнобой, баарыбыз апамды тегеректеп отурабыз, атам менен бирге үйдөгү кут кеткендей болду. Таенем кырк-ашына чейин болуп кетти. Окуудан келсем апам шаңдуу, кабагы ачылганын эми көрдүм. 8-март болчу. Аяштары «көңүлүн көтөрүп коёлу» деп келишиптир. Ошол күндөн баштап апамдыкы башталды.

 Апам ичип калды... Башында үйдө ичсе, азыр көчөгө чыгып кетет. Чыкпас үчүн үйгө апкелип берем, болбосо чатак чыгарат. Бизге да колу тийе турган болду. Тайларым дарылатып да көрүштү, бирок келген эле күнү ичип алат. Эмне болсоң ошо бол деп таякем таенемди алып кетти. Мектептен келсең, уй жайытка чыкпай калган, тамак жок, үй муздак, сырттагы эмес үйдөгү гүлдөр куурап калды. Таенем түтпөй эт, май, курут берип ийет. Ошентип апамдын ичкенине да көнүп жашап жаттык. 

Кошуна Зуура эже небересин сүйрөп чыкса кичүү иним ойноп жүрүптүр, небереси түшүрүп жиберген боорсокту алып бутакка кыстарып коёт. Аны иним барып алып жесе, эже көзүнө жаш алып ыйлайт. Ошол күн орозонун бешинчи күнү экен. Ал эже тегеректеги орозо кармаган аксакалдарды ооз ачырмак экен. Төртөөбүздү кошо чакырды, ачка болгон инилерим барып дасторконго биринчи кол салары белгилүү эле. Үйдөн жакшылап тыйып чыктым. Эженин дасторкону аябай кенен экен алгыла десе эле инилерим мени карайт. Эл кеткенден кийин эже бизди алып калып, «кана, бата кылчы» деп 4-класстагы иниме карады. Биз бата кылганды билбейт экенбиз. Эженин 2-класстагы баласы аябай сонун бата тиледи. Чоң ата, чоң апасын, бир туугандарын, кошуна-колоңдун баарына тилек айтып, акырында Азиздин апасы арак ичпей калсын деди. «Оомийин» деп сөз айта албай калдым. Эже да «Кудайдан күндө тилеп атам, апаңар оңолоор деди. Бизге шорпо, тууралган эт берип жиберди. Үйгө келсек апам чалкасынан түшүп жатат, эч нерсе билбейт. Иним “жана бата кыл десе билбей жаман уялдым деди. Бата кылганды үйрөнгүлө, өзгөчө азыр орозо күнү кабыл болот экен деп билген кишидей айттым. Өзүм болсо кечиксем да орозо кармайын дедим, иним да мен да кармайм деп орозо кармап баштадык. Карыпбай ата инимди ооз ачырган жерге ээрчитип барып жүрдү, жума намазга барат. Бир күнү жеңелер ооз ачырды. Барсам классташ кызым апасы экөө тең келишиптир. Ошол жерде бир гана менин апам жок, үйгө келип аябай ыйладым. Иним экөөбүз саарлыкта “апам арагын таштап, биз менен чогуу орозо кармаса экен” деп тилендик. Эртең менен дарбазанын эшиги ачылып жабылганынан ойгонуп кеттим, карасам апам жок. “Дагы кетти” дедим. Бир аздан соң кайра ачылды. Башымды көтөрүп карап турдум. Апамдын эки колунда чака, сууга барып келиптир. Апамды биринчи көрүп аткандай карап калдым, себеби сопсоо. Эч нерсе болбогондой от жагып, мурдакыдай чай ичти, бозоргон үйүбүзгө кадимкидей жан кирди. Апам да заматта дасторкон жайып, тегеректи ооз ачырды. Көзүмдүн жашын көлдөтүп Кудайдан суранганым, инимдин мечиттен дуба кылып суранганы, төрт жаштагы инимдин чай ичкен сайын апам арак ичпей калса экен деп бата кылганы Кудайдын кулагына жеткенби (?), апам токтотту…

Көрсө, байкуш апам атаман кийин катуу депрессияга кабылган тура, көп сүйлөбөгөн киши ичинен сыза берип, арак менен күйүтүн баса берчү тура. Апам кылганына өкүнүп, намаз окуп калды, үйүбүз берекеге толду. Жашоо өз нугуна түшүп бара жатты. Кичүү инимди “бата кылып кой” десек, “апам ичпей калсын, оомийин!” десе, апам уялып калар эле. Орозонун касиетин ушундан билдим. Үй-бүлөнү орозо кармап, намазга жыкканга көмөкчү бололу. Бар болуңуз, орозоңуз кабыл болсун!


Саламат Өмүралиева, Москва шаары 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер