Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамлекеттик сырды ачып салганы үчүн Элвира Сурабалдиева камалабы?

Мамлекеттик сырды ачып салганы үчүн Элвира Сурабалдиева камалабы?

12-ноябрь, 14:59
4 017 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир шумурай болду го?.. Элвира Сурабалдиева өткөн шайлоолордо аз эле жерден “Биримдик” же “Мекеним Кыргызстан” партияларынын тизмелерине кошулбай калган. Депутат Строкова аны күнөөлөгөндөй, жогорку орун бербей койгон үчүн бул кыз “Ата Мекендин” биринчи бешилигине кирген. 

Өмүр бою “чимкириктер” менен чогуу жүрүп, ошолорго кошулуп добуш берген Элвира айым шайлоодон кийин тим эле өзүн моралдык жактан таптаза, пакиза, чынчыл элестетип алганын айт. Жүзү курусун! Жогорку Кеңеште сүйлөп, депутаттарга “неуважаемые” деп айтканда, ошол жерде отурган токсон депутат чычып ийе жаздап, чыгып кеткени туура болгон. Айрымдары көчүктөрү аркылуу күлүшкөн да. “Уялбагандан өзүң уял” деп элибиз илгертеден бекер айтпаптыр. Айтылуу раматылык депутат, “спортсмен” Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы өзүн өтө акылдуу да сезгени чын. Аталаш агалары Азиз Суракматов менен Жаныш Кудайбергеновду теңине албайт... 

Эми мына карасаң, Садыр Жапаровдун батасы менен социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке дайындалып калды. Күнүгө Фейсбуктан чыкпайт. Кызматка барган күнү эле ал жерден мектептердин ачылышы боюнча “референдум” да өткөзгөнгө үлгүрдү. Кыжырды кайнатып...

Аныгында, бул базарком кыздын чабал иши азыр өтө чоң чатакка айланганы турат. Үч күн мурун баардык журналисттерди госматрезервдин жашыруун сакталган жайына ээрчитип барып, ал жактын дарегин жарыялаганы, сакталган дары-дармектердин тизмесин жана көлөмдөрү боюнча маалыматты ачыкка чыгаруусу мамлекеттик сырларды сактоо мыйзамынын бир канча талаптарын одоно бузгандыгы боюнча кабарланууда. Биздин угушубузча, бул факты боюнча атайын кызмат жакынкы арада кылмыш ишин ачышы зарыл! Вице-премьер-министр өзүнүн ишин аткарууга жараксыз экенин жарыялады, эми мындан тыянак чыгарып, жоопкерчиликке тартыш керек. УКМК уктап жатпай талдайбы? Эгерде эртең илдет курчуса, кыйналган көпчүлүк госматрезервди талкалап, тоноп, өрттөп кетсе эмне болот?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер