Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “Түркмөнстандан газды реалдуу түрдө алууга мүмкүнчүлүктөр бар”

Марлен Маматалиев: “Түркмөнстандан газды реалдуу түрдө алууга мүмкүнчүлүктөр бар”

03-июль, 17:48
1 806 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президенттин Түркмөнстанга болгон сапарында эки тараптуу кызматташуу, газ, электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болбодубу, булар канчалык деңгээлде ишке ашышы мүмкүн? 

-- Бул сүйлөшүүлөр өтө жемиштүү болду. Эгер чын эле ошол жактан газ менен электр энергиясын күздөн баштап алып келе алсак, бул биз үчүн чоң жеңиш болот эле. Түркмөнстанда газдын, электрдин баасы дагы арзан. Биз азыр бир эле мамлекеттен көз каранды болгон үчүн бул маселенин чечилиши өтө маанилүү. Андан тышкары, фонддун ачылышы деле реалдуу деп эсептейм. Анткени Түркмөнстандын калкы кедей болгон менен мамлекети бай. 

-- Ысык-Көлгө курорттук жай куруу боюнча кандай ойдосуз? Анткени буга чейин дагы ушул өңүттөн сүйлөшүүлөр болуп, бирок ишке ашкан эмес да?

-- Бул ошол иштин уландысы болот. Анын ишке ашпай калышы – биз жактан туруктуулуктун жоктугуна гана байланыштуу болуп калган. Эми эч кандай тоскоолдуктар болбосо, алар деле бизге келип эс алып кетүүгө кызыкдар. 

-- Кыргыз-түркмөн товарларын дүйнөлүк рынокко чыгаруу боюнча да айтылды...

-- Биз азыр бир эле Казакстан аркылуу сыртка чыгып атабыз. Бирок, чек арадан канча деген тоскоол болуп атат. Эгер Түркмөнстан аркылуу Азербайжан, андан ары Түркия, ал жактан Европага жол ачсак жакшы болмок. Ал эми экспорт жагына келсек, эки өлкөдө тең экспорттой турган деле эч нерсе жок.

-- Газды алып келүүнүн жолдору кандай болот?

-- Түркмөнстандын газы Өзбекстанга туташкан. Өзбекстан ансыз деле биздин түштүк тарапка газ берет. 

-- Бирок, газ азыр бир компаниянын колунда болгондуктан, аны жеткирүүдө өз каалаган баасын коюп салбайбы?

-- Газды алып келүүдө өзүнчө жаңы жолун караштырыш керек. Ал үчүн “Газпромдон сырткары болуш керек. Эгер алардын колуна берип салсак, албетте, баасы азыркыдай эле кымбат бойдон калат. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер