“Акылбек Жапаров өкмөт башчылыктан кетсе, айлык, пенсия берилбей калат” дешет


Жакында Акылбек Жапаров 60 жашка чыкты. Кут болсун! Кууланбай, өлкө үчүн жакшы иштеп, ийгилигин арттырса (!) деген гана тилек. Торколуу тою жакшы өтүп, кымбат баалуу белектерге, “жашылбайларга” чөмүлүп калса керек. Кыкеңдер кызматта турган чиновникке ийиле келишип, алдынан “катта” өтүшөт эмеспи.
Кызыгы, кичкинтай башбакандын санаалаштары тар чөйрөдө саймедиреп келишет. “Эгерде Акылбек Жапаров кызматынан кетсе, айлык акы, пенсия берилбей калат. Өкмөттүн ишин өргө сүрөп, баардыгын жөнгө салып турган билермандан айрылсаңар, анда эле ишиңердин бүткөнү!” дешет. Адилеттүүлүктөн алганда, Акылбек Жапаров мамлекеттик башкарууну ыраатка салып, бирок ошол эле кезде салыкты, дээрлик баардык төлөмдөрдү, тарифтерди жогорулатып, жалпы элди кыйнап жатабы? Бул өңүттө арыздангандар, тишинин кирин соргондор арбып кетти го? Эгерде бийлик жумуш орундары менен камсыз кылса, жашоо-шартты оңдой алса, миллиондон ашык мигранттарыбыз чет элдерде кор болушпайт эле. Бул көйгөй жакынкы он жылда чечилбейт окшойт. Тескерисинче, билимдүү жаштар, тажрыйбалуу адистер сыртка кетишүүдө. Эл аралык деңгээлдеги акыл-эстүүлөр, илимдүүлөр Кыргызстандан ордуларын көрүшпөй, бакыт кушун башка өлкөлөрдөн издеп башташканы эмнени билдирет? Мындай көрүнүш көп жылдардан бери уланып, элибиздин каймактарынан ажырап жатканыбызды эч ким ойлонгон жок.
Ток этерине келсек, майда, арзыбаган пиар иштерине басым жасабай, масштабдуу, бийик деңгээлде качан ойлонобуз? Ооба, ошол эле өнүгүү жаатында. Коңшу өлкөлөрдүн дүркүрөп өсүп баратканын көрүп, ичиң гана күйөт да. Арга жок. Эрксизден жылмаясың...
"Азия Ньюс" гезити











