Лавров, Козак менен иштей баштаган Казакбаев кыргыз саясатын өзгөртөбү?

Оор мезгилдерде эки ирет тышкы иштер министри болгон Руслан Казакбаев саясаттын чордонунда роль ойной баштады. Албетте, ачык эмес. Москвадагы үлкөн достору Лавров, Козак менен тыгыз байланышта болуп, тымызын түрдө катуу киришкендей... Эл аралык саясый айдыңда экс-министрди жогорку деңгээлдеги дипломат катары баалашары, саясый салмагына жараша мамиле кылышары ырас. Кыргызстандагы алдыңкы лидерлердин сап башында турары калетсиз. Ошон үчүн орустардын ордосунда аброю бийик болуп атат да. Мындай ыргак менен кете берсе, кыргыз саясатын өзгөртүүгө жетишеби? Баардык күчтөрдүн башын кошууга, бириктирүүгө жөндөмдүү экени, уюштуруучулук дарамети жетери болжонууда. Бүйүр кызыткан бир маселе: Руслан Казакбаев өзүнүн саясый секириги үчүн иштеп атабы, же Өмүрбек Бабановду көтөрүү менен ээрге отургузабы? Мына ушул жагын да ажырата билүү керек.
"Азия Ньюс" гезити