“Кара дубага” ишенбейм. Кошуна келин бактымды талашабы?


Турмушка чыкканыма 2 жыл болду, 6 айлык уулум бар. Өзүнчө турабыз, жаңы эле үй алып көчүп келдик, кошуналар деле жаш үй-бүлө, бет мандай турушат. Келинчегин угуп отурсаң, күйөөсү же эт эмес, же чел эмес, акча таппайт, же үйгө жардамы жок. Кайын журту менен урушуп, батирге чыгып кетишиптир. Башында жакшы эле сүйлөшүп жаттык, анан акыркы учурда күйөөм келе турган убакта үйгө көп келип, күйөөмдү көп сурачу болду, көзүнчө жалжандайт. “Сенин күйөөң иштеп, багат экен” деп эле көз артат. “Кудайга шүгүр, жакшы” деп коём.
Жакында кайненем келген. Мен дүкөнгө чыгып кетсем, тиги келин кирип алып, апама чай куюп жатыптыр. “Кет” дей албадым, сени сурап келди” деди кайненем. Акыркы күндөрү үйдүн ар кайсы жеринен ийне чыкчу болду, мен эч нерсе тикпейм. Куран окуп койдук үйгө. “Кара дуба” деген чынбы? Ишенбейм. Кандай кесепети болушу мүмкүн?
Айдана
"Азия Ньюс" гезити











