Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Поэзиядагы жана илимдеги дилетантизм

Поэзиядагы жана илимдеги дилетантизм

08-октябрь, 18:00
1 058 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн санда)

А.Эгембердиеванын сөзгө алынып жаткан изилдөөсү киришүү, тыянак жана төрт главадан турат. Ал киришүүдө “Ишти жазууда жалпы адабият таануу илиминин, классиктер менен социал-демократтардын өкүлдөрүнүн эмгектерине, кыргыз адабият таануу илими иштеп чыккан методикалык тыянактарга таяндык” деп жазат. Диссертациянын “теориялык базасы” деп эсептелген бул тумандуу сүйлөмдөрдөн ар кандай суроолор өзүнөн өзү пайда болот: “Адабият таануу илиминин” деп сүйлөм чорт үзүлөт, классиктери кимдер, эмне болгон социал-демократтар? “Адабият таануу илими” деп Эгембердиева сабатсыз илимпоздордой эле бул терминди туура эмес колдонгон, туурасы “адабият таануу” же “адабият илими”, ошон үчүн филологдордун кол китебине айланган эмгегин Р.З.Кыдырбаева менен К.Асаналиев “Кыргыз адабий илиминин терминдер сөздүгү” (Б.,2004) деп атап жатпайбы. Андан кийин автор Жазуучулар союзуна мүчө болгон 31, мүчө боло элек 21 аял акындардын ысымдарыын атап, алардын ырлары тууралуу макалаларды тизмелеген, бирок дурус-буруш жактары боюнча эч кандай талдоо жок, коюлуп жаткан маселенин изилдениш абалы тууралуу жыйынтык чыгарылган эмес. Ошону менен бирге даяр калыптарга салынган иштин предмети, объекти жана максат, милдеттер жөнүндө сөз болот. Ал таянам деп атаган Ю.М.Лотман, Л.Тимофеев, Б.П.Гончаров, Л.Гинзбургдардын китептеринде ырдын теориялык маселелери каралат, ал эми аялдар поэзиясы тууралу бир ооз сөз жок, “аялдар поэзиясы” деген жасалма проблема экени ушундан айкын көрүнөт. Лириканын теориясын изилдеген Г.Б.Ф.Гегель, В.Г.Белинский, Б.Эйхенбаум, Г.Шенгели, В.Жирмунский, Р.Якобсон, Б.Томашевский, Ю.Тынянов, М.Гаспаров, Е.Г.Эткинд, В.Д.Сквозников, Б.Сарнов, В.Кожинов, М.Хамраев, З.Ахметов, К.Ырсалиев, С.Жигитовдордун эмгектеринен А.Эгембердиеванын кабары жок окшойт, алардын эмгектерине таянган эмес, эгер чөп башылабай, кунт коюп, жакшылап карап көрсө, балким аялдар поэзиясы тууралуу “гипотезалар” чыгып калышы да “мүмкүн” эле... “Кыргыз адабиятындагы аялдар поэзиясынын пайда болушу жана калыптанышы” деп аталган биринчи главанын 1-параграфы “Кыргыз аялдар поэзиясынын башаты, элдик оозеки чыгармачылыктагы орду тууралуу (обзор иретинде)” деп аталат. Бул бөлүм башталганда эле Бугу эне, Умай эне, Чыйырды, Айчүрөк, Кыз Сайкалдын образдары, аялдардын мифтердеги образдары сыпатталат. Диссертациянын темасы аялдар жараткан поэзия болсо, анын генезиси кантип эпостогу, же мифтердеги образдардан башталат? Аялдардын образы бул диссертациянын темасына тийешеси жок маселе. Алардын чыгармачылылыгы негизги проблема болуп жатса, анда “байыркы эпосторду, мифтерди жалаң аялдар жараткан” деген жаңылыш, суу кечпеген, примитив тыянак өзүнөн өзү келип чыгууда. Муну далилдөө үчүн автор убара деле болбойт, андан кийин кошоктор, ырчылар поэзиясындагы аялдар тууралуу чөп башылап сөз кылат. Анан калса, мифтер жана эпостор коллективдүү чыгармачылыктын туундусу экенин деле автор элес албайт, дээрлик жанрдык табияты тууралуу түшүнүгү да жок. Байыркы образдар, символдор миф, эпос, жомоктордо чагылдырылган архетиптердин жыйындысы экенин далилдөө менен К.Юнг коллективдүү бейаң теориясын иштеп чыккан да. Бул теориядан кабары жок автор миф, эпостордогу аялдардын образдарын сыпаттоо менен изилдөөнүн объектисинен алыстап, башка проблемага кирип, “талаалап” кеткен. Мындайча айтканда, “чү” дегенде эле ээрге кыйшык отуруп, образ, чыгармачылыктын психологиясы (!) деген категорияларды ажырата албай, чаташтырып, теориялык жактан аксап, орой илимий катага жол берген. “ХХ кылымдын 20-40-жылдарындагы кыргыз адабияты жана аялдар темасы” деп аталган параграфты америкалык аял жазуучулардын кызыктуу фактылары менен баштап келип, “Кыргыз профессионал адабиятынын ары татаал, ары даңазалуу жолу XIX-XX кылымдын тогошкон учурунан башталат. Ушул этапта оозеки поэзия жазма түрүнө өтө берип, акындар поэзиясы кагаз бетинен, китеп барактарынан орун алууга өтөт. Бара-бара оозеки адабият профессионал адабияттын формаларын кабылдап, ар тараптуу трансформацияны баштан кечире баштайт. Анын жыйынтыгы Молдо Нияз менен Нур Молдонун жазма чыгармаларында байкалып, кийинчерээк, б.а., ХХ кылымдын биринчи декадасында С.Карачев менен К.Тыныстановдун тырмак алды ырларында айрыкча материзацияланат”. Бул стилдик жагынан аксаган сүйлөмдөрдө илимий түшүнүктөр бир топ чаташып калган. А.Эгембердиева жазгандай кыргыз профессионал адабияты “XIX-XX кылымдын тогошкон учурунан” жанданбайт, ал мындай бүтүмгө эмненин негизинде келгени белгисиз, бирок “Кыргыз адабияты 1924-жылы “Эркин тоо” гезитине чыккан Аалы Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” деген ырынан башталат” деген жасалма, тарпы чыккан “теорияны” жокко чыгарган С.Жигитовдун “20-жылдардагы кыргыз адабияты”, “Обретение новых традиций”, А.Эркебаевдин “Социализмдин шартында жаңы жазма адабияттын пайда болушу” аттуу эмгектеринен А.Эгембердиеванын кабары жок окшойт. Болбосо ошол “Ак жол”, “Көмек”, “Ушкын”, “Кедей эрки”, “Тилши” гезиттеринин, “Шолпан”, “Жас кайрат” журналдарынын саргайган көктөмдөрүндө калган алгачкы муундагы акын-жазуучулардын чыгармаларын Москва, Ташкент, Казандын архивдеринен таап, материал жыйнап, аларды системага салып, изилдеген фундаменталдуу эмгектеринде профессионал адабияттын жаралышынын тарыхый, маданий шарттарын теориялык жактан негиздеп, ХХ кылымдын 19-24-жылдарынан жаралуу бүтүмүнө келишет. А.Эгембердиева “Оозеки адабият профессионал адабияттын формаларын кабылдап, бара-бара оозеки адабият ар тараптуу трансформацияны баштан кечире баштайт” дегени да жаңылыш. Оозеки адабият менен жазма адабияттын эстетикасы да, поэтикасы да эки башка, аны ачып бериш А.Эгембердиеванын түшүнө да кирбейт. Андай теориялык маселени мындай коёлу, ал жазгыч акындарды да толук тизмелеп бергенге жарабай, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Молдо Багыш, Алдаш Молдо, Ысак Шайбеков, Токтораалы Талканбаев, Казыбек Мамбетимин уулу, Абылкасым Жутакеевдерди “унутуп” койгон. “Кийинчерээк, б.а., ХХ кылымдын биринчи декадасында С.Карачев менен К.Тыныстановдун тырмак алды ырларында айрыкча материзацияланат”. Илимпоз бул жерде “декада” деген терминди да туура эмес колдонгон. “Декада – промежуток времени в десять дней, третья часть месяца (С.И.Ожегов и Н..Ю.Шведова Толковый словарь русского языка. М., 2006, стр.158), демек, ХХ кылымдын биринчи декадасы дегенде 1900-жылдын алгачкы айлары деген маанини берип калат. А.Эгембердиева адабият илиминде жок “материализацияланат” деген терминди жоктон таап алганын карабайсызбы! А.Эгембердиева өзү айткандай, “тарых” жазып жаткандан кийин, эмне үчүн адабияттын алгачкы карлыгачтарынын конкреттүү чыгармаларына токтолбой, туюк сөз кылууда? Көрсө, анын “асыл” максаты А.Токомбаевдин 1924-жылы “Эркин тоого” чыккан “Октябрдын келген кези” ырына жана 20-жылдардагы адабиятка үстүртөн токтолуп, “Кыргыз совет адабиятынын тарыхынын” 1-томундагы (Ф., “Илим” 1987), К.Артыкбаевдин “ХХ кылымдагы кыргыз адабияты” (Б., 2004) деген китептериндеги ошол мезгилге тийешелүү материалдарды толугу менен кайталаган. “Н.Жетикашкаева – кыргыз адабиятындагы аялдар поэзиясынын баштоочусу” деп аталган параграфта акындын өмүр жолу баяндалып, жалпы чыгармачылыгын жондотуп сыпаттап, айрым ырларынын мазмунун кайталайт, эң негизгиси, Н.Жетикашкаеванын ырларынын көркөмдүк өзгөчөлүгү эмнеде, ал кыргыз поэзиясына кандай жаңылык алып келди (?) деген суроого жооп жок. “1940-50-жылдардагы аялдар поэзиясынын өнүгүү тенденциялары” деп аталган параграфта чыгармачылыгы соцреализмдин алкагында чектелген С.Абдыкеримова, Т.Адышева, Ж.Тынымсейитовынын эмгек, тынчтык, достук, мекен темасындагы ырларына токтолот, бирок өнүгүү тенденцияларын ачып бере алган эмес. Иштин экинчи главасы “1960-70-жылдардагы кыргыз поэзиясы жана аялдар поэзиясынын алган орду” деп аталып, “60-жылдардагы коомдук-саясый контекст жана аялдар поэзиясы” деген параграф менен башталат. А.Эгембердиева 60-жылдардагы коомдук-саясый контекстти үстүртөн сыпаттап, адабий процесстин жүрүшүндөгү татаал байланыштарга баа бере албайт, ошол мезгилде поэзияда жүргөн формалык изденүүлөр жана анын тегерегиндеги талкууларга деле көңүл бурбаптыр. Соцреализмдин канондорунун алкагында өнүгүп жаткан кыргыз адабияты ХХ съездден кийинки “жаз баарынан” баштап, эки айрылыш жолго түшкөнүн деле элес албайт. Эскини танып, жерүүдөн жаңыга умтулуу уучу узарат эмеспи. Маданият таануунун тарыхы жана теориясын изилдеген аалым, профессор Н.А.Хренов ушундай “бифуркациялык моменттерде” чыгармачылыкта “дүрт” эткен тутануулар болуп, адабияттын өнүгүүсүн шарттай турганын белгилеген (Хренов Н.А. “Опыт культурологической интерпретации переходных процессов\\ Кануны и рубежи. Типы пограничных эпох – типы пограничного сознания: в 2т.—М.: Изд.-й центр “Академия”, 2006. – Т.1.-С.13). Анын сыңарындай, адам табиятын терең изилдөөгө, бул дүйнөнүн табышмактуу сырларын таанып билүүгө, чечмелөөгө умтулуу адабиятка “жаңы генерациядагы” (Ч.Айтматов) муундун келиши менен шартталып, көркөм аң-сезимде жаңы багыттын калыптанышына алып келди. Философиялык концепттерди издеген поэзиянын жаңы формасы, мазмуну, поэтикасы жаңылана баштаган. Кезинде француз поэзиясында символизмге негиз салган Шарль Бодлер кандай катуу сындалып, “кара чабуулга” кабылса, искусствонун партиялуулук, таптык принциптерин бекем тутунган соцреализмдин апологеттери А.Токомбаев, Т.Үмөталиев, К.Маликов сыяктуу улуу муундагы акындар да бул жаңы жышааналарды жана эркин ырды кабыл албай катуу сындашып, каршы турушуп, айыгышкан полемикалар (1968-жылы “Кыргызстан маданиятында” жүргөн “Акындарга үч суроо” талкуусу) болгон. Поэзия, проза, драмага 60-жылдары келген жаңы муун соцреализмдин канондоруна сыйбай, адабиятка жаңы тема, жаңы идея, жаңы стилдерди алып келди. Айрыкча поэзияда салт болуп калган эмгек, тынчтык, достук темаларын, же коомдук турмушту, адамдын социалдык абалын көтөрүңкү маанайда шаңдуу даңазалоо эмес, инсандын жандүйнөсүн, ички сырларын терең изилдеген ассоциативдүү, метафоралуу образдарды жаратып, көркөм аң-сезимди жаңылап, соцреализмдин канондорунун алкагынан чыгып, жаңы парадигмаларды түзүп, чыгармачылык эркиндикке умтулган модернисттик башталмаларга ээ болду. 

Бул бөлүмдө изилдөөчү М.Абылкасымованын “Эстелик сүйлөйт” поэмасын негизги чыгарма катары көрсөтүп, ал тууралуу мурда калыптанып калган конформисттик көз караштардын алкагында сөз кылат, толуктоо катары анын жазылыш тарыхы тууралуу кыскача маалымат берет. Иш 2010-жылдары жазылса да, коммунисттик идеологиянын догмаларынан чыга албай, соцреализмдин көнүмүш стереотиптерин жетекчиликке алып жазылган, өткөн мезгилге сын көз менен карай албайт, предметке карата жаңыча мамиле жетишпейт. Себеби, М.Абылкасымованын аталган поэмасы конъюнктуралык чыгарма. Бул темада А.Твардовский, Р.Рождественский, Е.Исаев өздөрүнүн чыгармаларын согуш бүткөн чакта эле жаратышканы, майданда курман болгон жоокерлердин трагедиясын терең ачып беришкени жөнүндө А.Эркебаев, С.Жигитовдор жазышкан. М.Абылкасымованын “Эстелик сүйлөйт” поэмасы көркөмдүк- эстетикалык деңгээли төмөн, эпигончулук менен жазылган чыгарма. Поэманын идеясы ошол кездеги коммунисттик идеологияга туура келгендиктен, убагында көтөрмөлөнүп, сыйлык да берилген. М.Абылкасымованын чыгармачылыгынын эволюциясынын дурус-буруш жактарын С.Жигитов “Кыргыз совет адабиятынын тарыхынын” 2-томуна (Ф., “Илим”, 1990, 632-648-беттер) жазган акындын портретинде конкреттүү талдоолордун негизинде терең ачып көрсөткөн. Адабият тарыхы, ошол 60-жылдардагы адабий процесс кайра баалоо принциптерине таянып, илимий-теориялык негизде изилдене турган болсо, М.Абылкасымованын аталган чыгармасы жана жалпы чыгармачылыгы кайрадан каралып, баа берүүгө муктаж. Идеологиялык догмалардан чыга албаган А.Эгембердиева ийгилик-кемчиликтерин терең изилдеген, С.Жигитов жазган акын М.Абылкасымованын адабий портретин көрмөксөнгө салып, айланып өтүп, илимий этиканы сактаган эмес. Анткени ал илимий принциптерди карманбагандыктан, жазып жаткан предмети боюнча өзүнөн мурдагы изилдегендерге кайрылбайт. Фактыларга жоопкерчиликсиз мамиле жасайт. Автор “Р.Рыскуловдун “Космостук манифести” 1966-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланып, эл тарабынан өзгөчө көрүнүш катары кабылданып, сөзгө алынып, андан соң ага удаа С.Эралиевдин “Жылдыздарга саякаты” жарыкка чыккан. Башкача айтканда, Р.Рыскуловдун айткан оюн экинчи акын илбериңкилик менен улантып кеткен” деп жазат, тилекке каршы, Р.Рыскуловдун “Космостук манифести” “Ала-Тоо” журналына 1966-жылы жарык көргөн эмес, 1970-жылы чыккан “Даңкан” ырлар жыйнагына кирген. А.Эгембердиеванын иликтөөсүнүн чоң кемчилиги – изилдеп жаткан предмети боюнча адабияттарды толук иликтебейт, кызыгып да койбойт окшойт. Ошондон улам ал орой каталарга, алтургай фальсификацияларга да жол бергени өкүнүчтүү. Ал айткан божомолдорун далилдөөгө, аргументтер менен бекемдөөгө убара да тартпайт. “Бул маселени башка изилдөөчүлөр кандай карады экен?” деген күмөн саноо да жок, келтирилген шилтемеден айкын көрүнгөндөй, анын пикири акыркы чындактай эле “тайманбай” айтылганы кызык. Далилдебесе дагы С.Эралиев Р.Рыскуловдон таасирленген дегени жамандыр-жакшыдыр өзүнүн калпыс, жеке пикири деңизчи, ал эми “Жылдыздарга саякат” 1964-жылы “Ала-Тоо” журналынын №4 санына жарыяланганы адабият тарыхы, илимий эмгектер, окуу китептери эле эмес хрестоматияларга чейин кирип, мектеп окуучулары да билген адабият тарыхынын маанилүү фактысын каратып туруп бурмалаганы, же чыгарма жарык көргөндөн бир жыл мурда жазылып бүткөнү, поэмага идеялык-саясый айып тагылып, маселеси Кыргызстан КП БКнын бюросунда каралган (бул тууралуу караңыз: Ч.Айтматов, “Жажда поиска” – “Комсомольская правда”, 26.03.1963, С.Эралиев, “Сага айткан сыр” – “Ала Тоо”, 1992, №4-5, 95-б.), Жазуучулар союзунда кыл чайнашкан чоң талкуу болгонунан кабары жоктугу (Т.Аскаров “Образдуу ой жүгүртүүнүн чексиздиги”, Б., 2000, 52-б.), поэма тууралуу К.Асаналиев, С.Жигитов, Т.Аскаров, К.Артыкбаев, А.Садыков, С.Тургунбаев, А.Эркебаев, О.Ибраимовдордун эмгектерин айтпаганда да, Ч.Айтматовдун чыгарманы жаңылык катары баалаган макаласы 1964-жылы 13-сентябрда “Советская Киргизия” гезитине жарыяланганын билбегени – А.Эгембердиева бир эмес үч жолу филология илимдеринин доктору болсо да, анын адис катары компетенттүү эмес экендигин кашкайта далилдеп турат.


(Уландысы кийинки санда)

Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер