Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскелди Момбеков: “Орто жолдон талапкерликти алып коюу – адепсиздик!”

Рыскелди Момбеков: “Орто жолдон талапкерликти алып коюу – адепсиздик!”

04-декабрь, 11:38
1 073 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айрым эл ишеничине татыган талапкерлердин четинен марадан чыгып калганы кандай ой жаратууда?

-- Талапкер болуп катталгандан кийин, такталгандан кийин аягына чейин барышы керек. Орто жолдо соодалашып, же “мен талапкерлигимди алып койдум”  дегендери саясаттагы адепсиздикти билдирет. Ага ишеним көрсөтүп ошончо кол топтогон адамдардын үмүтүнө суу сепкен болот. Мындай чечимди  жалгыз кабыл албаш керек. Анткени жаманбы-жакшыбы артында эл турат, коом турат. Коомчулукка айтып, “ушундай чечимиме кандай карайсыңар?” деп элден сураса, бул саясатчынын маданияттуулугун көрсөтөт. Жеке өзү чечим кабыл алып койсо, ага кол топтоп, кол коюп берген адамдардын баарын сатып жибергенге тете. Бул – саясаттагы туура эмес кадам. Сен талапкер болуп катталгандан кийин, так талашка аттангандан кийин такка барууга гана далалат кылуу керек. Орто жолдон айнып калуу – бул саясый соодагерлик. Саясатчылардын эмнеге эл алдында баркы кетип баштайт? Ушундай оюндарды ойноп баштаганда кетет. Кыргызда “учкашпа, учкашкандан кийин түшө качпа” деген жакшы кеп бар. 

-- Алдыдагы шайлоодон таза шайлоо күтүп жатасызбы?

-- Таза шайлоо боюнча кеп кылсак, Кыргызстандагы бир дагы шайлоо “таза өттү” дегенге татыбайт. Келаткан президенттик шайлоонун таза өтүшүнө азыртан күмөн жаралып калды. Анткени башка талапкерлерге болгон бут тосуулар, ар кандай ыплас оюндар президенттик шайлоонун таза өтүшүнөн чоң күмөн жаратат. Экинчиден, Башмыйзамда болуп жаткан башаламандыктардын баары “президенттик шайлоодон кооптуу нерселер жаралып кетеби?” деген таасир калтырууда. Себеби, эл экиге бөлүнүп калды. 

Бүгүнкү күндө маселени курчутуп жаткандар, фейктердин же фанаттардын фабрикасы дейбизби, бүтүндөй саясаттагы алешемдиктердин баарын ошолор жасап жатат. Каалайсыңбы-каалабайсыңбы, коомчулуктун пикирин бурмалап, элди экиге бөлүп жатат. Бул өтө опурталдуу. Муну саясатчылар эске албай, жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жатышат.  Бирок ошол троллдор кыргыздын келечегине балта чаап жатканын, калың элдин каргышына калып жатканын, жаран катары мамлекетке чоң зыян келтирип жатканын сезээр бекен?.. Эртеби-кечпи эл алдында жооп берип калышарын сезишеби же бүгүнкү арзыбаган акчага  алданып иштеп жатканын артык көрүшөбү? Же эмне алар таптакыр түшүнүгү жок адамдарбы? Таңгалам. Бүгүн негизинен саясатты курчутуп жаткандар – социалдык тармактар жана “фабрика фанаттары”.

-- Адилеттик болбосо кандай кадамдар болушу мүмкүн?

-- Кыргызстандын тарыхына сергек сереп салып көрө турган болсок, кыргыз эч качан чындыкты таштап кеткен эмес. Азыркы бийлик эйфорияга алдырып ала качкан аттын үстүндөгү  адамдай болуп баратат. Аны эл терең байкап турат. Анткени кыргызда биринчи жакшылыкка жоруйт. Бирок убакыт өткөн сайын суроолор пайда болуп баштайт. Бийлик канчалык үстөмдүк кылбасын, эл бийликке үстөмдүгүн көрсөтүп коёт. Эл турганда сөзсүз чындык болот. Кандай күн болсо да акыркы сөз элдин оозунда болот. Ал үчүн астролог, экстрасенс болуунун кереги жок. Эл эки эле күндө көргөзүп коёт. Кептин баары убада бердиби же убара бердиби, мына ошондо.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер