Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Идеология, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына көңүл бурулбай калгандай сезилет”

“Идеология, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына көңүл бурулбай калгандай сезилет”

06-октябрь, 00:38
417 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бизде курулушка, спорт аянтчалардын ачылышына гана басым жасалып, ал эми идеология, билим берүү, саламаттык сактоо тармактарынын өнүгүшү артта калып калган жокпу?

Мадин Итикеев, серепчи:

-- Акыркы мезгилдерде өлкөбүз экономикалык өнүгүү жагынан жакшы нукка түшүп, багытыбыз түзөлүп, ийгиликтер боло баштады. Экономикабыздын бирден-бир көрсөткүчү – бул курулуш тармагынын өсүшү. Спорт менен маданиятка, элибиздин намысы жана аброюна көп көңүл бөлүнүп жатканы жакшы нерсе. Бирок, өлкөнүн келечеги үчүн жаштарыбызды дүйнөнүн булуң-бурчунан окутушубуз өтө зарыл деп эсептейм. Болгондо да алдыңкы окуу жайлардан билим алуусуна шарт түзүшүбүз керек. Анткени, бүгүнкү күнү да кадрлардын таңкыстыгы, жетишсиздиги билинүүдө. Эртеңки күнү дагы ушундай технологиялык өсүш менен билимдүү адистердин тартыштыгы боло турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биз убактылуу гана ийгиликтерге байланбай, эртеңки келечек менен дагы сыймыктануубузду шартташыбыз керек. Элүү жыл алдыга өнүгүүнү ойлосок, бак тигели, жүз жыл алдыга жылалы десек курулуш кылалы, миң жылдарга өнүгүүнү пландасак келечек муунду окуталы демекчимин. Ошондой эле элдин ден соолугу дагы биринчи орунда болушу шарт.

Умар Анарбаев, серепчи:

-- Сиз көтөргөн суроо – бүгүнкү күндүн абдан актуалдуу жана маанилүү маселеси. Акыркы жылдары өлкөбүздө инфраструктуралык курулуштарга, спорт аянтчаларын ачууга чоң көңүл бурулуп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Бул иштер, албетте, коомго керектүү, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө маанилүү роль ойнойт. Бирок ошол эле учурда идеология, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына анчейин көңүл бурулбай, салыштырмалуу экинчи планга түшүп калгандай таасир калтырууда. 

Идеология – бул мамлекеттин руханий пайдубалы. Эгерде элдин аң-сезимине, баалуулуктар тутумуна, тарбияга жетиштүү көңүл бурулбаса, анда канча инфраструктура курулбасын, коомдо биримдикти, жоопкерчиликти, мамлекетке болгон ишенимди калыптандыруу кыйындайт. Ошондой эле билим берүү тармагы – келечекти түзө турган негизги күч. Мамлекетти, улутту жок кылыш үчүн билимсиз кылуу гана жетиштүү деген учкул сөз баарыбызга белгилүү. Мугалимдердин эмгеги жетиштүү бааланбаса, окуу программалары заман талабына жооп бербесе, анда билимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү муунду тарбиялоо өтө кыйын болуп калат. Саламаттык сактоо жаатында да ушундай эле абал байкалууда – аймактарда дарыгерлердин жетишсиздиги, медициналык жабдуулардын эскилиги, элдин сапаттуу дарыланууга жетүүсүнүн чектелиши көйгөй жаратууда.

Ошондуктан мамлекеттин өнүгүүсүн бир гана көрүнүктүү, визуалдуу иштер менен эмес, коомдун ички сапатын аныктаган билим, саламаттык жана идеологиялык тарбияны тең алып баруу зарыл. Болбосо, тыштан көрктүү көрүнгөн мамлекеттин ичинде терең социалдык жана маданий боштуктар жаралып калышы мүмкүн. Ушул жагдайларды эске алуу менен стратегиялык багыттарды кайра карап чыгуу мезгили келгендей.   


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер