Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ошто алма бак өстүрүүнү Жалил Атамбаев менен Алишер Козуев талашууда

Ошто алма бак өстүрүүнү Жалил Атамбаев менен Алишер Козуев талашууда

22-апрель, 22:32
1 101 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы жылдары Ош облусунда алма бак тигүү “модага” айланып, бул жааттан ишкерлик кылгандар арбып кетиптир. Албетте, жакшы дечи, бирок бир беткей эле мындай таризде кетүү да осолдук окшойт. Айыл чарбасына багытталган жерлерди чылгый эле алма бак кылбай, буудай, арпа, жүгөрү, пахта, картошка жана башка жашылча-жемиштерди айдап, ыраатына карай элди ар түрдүү азыктар менен камсыз кылуу зарыл. Бул жааттан алганда, өкмөттүн анализи, багыт берүүсү керек. Тилекке каршы, андай башкарууну көрө албай келебиз. А баса, гектарлаган жерлерди ээлешип, алма тигүү жагынан атаандашууга түшүшкөн Жалил Атамбаев, Алишер Козуев сындуу көпөстөр алдыда экен. “Тууган-уруктарын аралаштырып, талашып эле баратышат” дейт. Карапайым адамдар бир чарчы жерге жетпей жүрүшсө, булардын ченебеген аянттарды ээлеп алышканы кандай? Иликтөөгө, тергөөгө ала турган мыйзамдар иштебейби?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер