Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаровго АКШ ыраазы болбой, Райымбек Матраимовду кантип каралады?

Садыр Жапаровго АКШ ыраазы болбой, Райымбек Матраимовду кантип каралады?

18-март, 12:25
728 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Парламенттик шайлоонун жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун алдында АКШнын “оюну” уланууда. Бул жагынан бир канча негиздер бар. Америкачыл күчтөр революция үчүн реванш алууну көздөп жатышабы? Өткөн жылкы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодон кийинки чыр-чатактарды эске алалы...

Ушул максат менен өлкөдө массалык маалымат каражаттары, бейөкмөтчүл уюмдар, америкачыл саясый ресурс уюштурулган болчу. Алардын аракетин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги колго алган. Каржылоо болсо Сорос фонду, ЮСАИД ж.б. аркылуу ишке ашкан. 

Учурда алар коомчулуктун жаңы бийликке болгон терс мамилесин пайда кылууга күч үрөшүүдө. Жума сайын “Баштан башта” коомдук кыймылынын Конституцияны өзгөртүүгө каршы тынчтык маршын өткөрүп жатканы жөн жерден эмес. Бул жүрүш ММКларга активдүү чагылдырылып жатат. Соцтармактарда жарандык активисттер конституциялык реформага каршы пикирлерин байма-бай жарыялашып, аларды америкачыл саясатчылар Вашингтондун көрсөтмөсү менен колдоп, коомчулукта каршылык кыймылын жандантууга аракет кылышууда. 

Аны менен катар алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүлүп жатат. Эксперттердин айтымында, жазга карата кубаттуу саясый ресурс калыптанат, бир гана “Реформа” партиясы күчтөнбөй, жаңы саясый биримдиктер да түзүлөт. Мониторинг үчүн атайын түзүлгөн бейөкмөтчүл уюмдар эмитеден эле келечекке төлгө кылып, Беларустун сценарийи боюнча митингдер жана акциялар болорун айтышууда. Булардын баары аларга эмнеге керек? 

Өткөн жылы Кыргызстандагы баардык америкачыл күч ошол убактагы президент Сооронбай Жээнбековго каршы багытталган. Анткени, ал Вашингтондун күткөнүн актаган эмес. Жээнбеков Россия жана Кытай менен кызматташууга ык тартып, америкалык тараптын макулдашуусуна, алтургай түз басымына да көнбөй, АКШ менен кызматташуу тууралуу келишимге кол коюуга шашылбады

Белгилей кетсек, бул келишим АКШ үчүн чектөөсүз мүмкүнчүлүктөрдү ачмак, анда Кыргызстандын кызыкчылыгы такыр каралган эмес. Анүстүнө өлкө курамына кирген ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУнун алкагында кадырын кетирмек. Вашингтон өлкөнүн коопсуздугунун баардык тармагын өзүнө каратып, АКШнын шартында аскер-техникалык кызматташтык сунуштамак, анын негизинде мамлекеттик чек ара боюнча да көзөмөл жүргүзмөк. Кызыктуусу, акыркы төрт жылда АКШнын элчилигинин аскер атташеси Кыргызстан-Тажикстан чек арасындагы талаштуу аймактарга төрт жолу барган жана анын ар бир сапарынан кийин ал талаштуу аймактарда эки өлкөнүн калкынын ортосунда жаңжал орун алган. 

Келишимде америкалыктар өздөрүн жана субподрядчиктерин салык, бажы төлөмдөрүнөн толук кутултуу жолун карашкан, кыргызстандык болобу же башка өлкөнүн жараныбы, юридикалык же жеке жакпы, айырмасы жок, ал АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин келишими менен иштесе жана америкалык өкмөттөн же туунду эл аралык уюмдардан каржыланса, төлөмдөрдөн куткарылмак. Булар үчүн анан калса дипломатиялык иммунитет да талап кылышкан. Башкача айтканда, Вашингтон өздөрүнүн таасир агенттеринин кол тийбестигин камсыз кылмак. Эң башкысы, бейөкмөт тармак кыргыз бийлигине отчет бербей тургандай болмок. 

Вашингтондун чоң кызыгуусу медиа-тармакка да бурулду. Иштеп жаткан ММКларга колдоо көрсөтүү жана жаңыларды түптөө үчүн аз эмес каражат салынган, аны менен катар кыргыз тарап эгер келишимге кол койсо, кыргыз бийлиги “көз карандысыз” деп аталган ал маалымат каражаттардын ишмердүүлүгүнө кирише алмак эмес. 

Эгер Кыргызстан аталган келишимге кол койсо, Вашингтон чек араны каалагандай көзөмөлдөп, таасир агенттерин чектөөсүз ишке салып, маалыматтарды каалагандай чогултуп, аны каалагандай пайдаланмак, башкача айтканда, Борбор Азиядагы өзүнүн мейкиндигин түзмөк. Бирок мындай мүмкүнчүлүк ала албай калган Вашингтон башка планга чуркады – Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетирүү керек. Ага курал катары коррупция менен күрөш шылтоолонупбажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду ашкере каралоого алышты. “Азаттык” радиосу, Factcheck, Kloop.kg сайттары жана башка Сорос фондусунун, ЮСАИДдин колунан жем жеген маалымат каражаттары Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттик иликтөөлөрүн “кооздомуш” болушту. Аны даярдагандарга Сорос фонду аркылуу Вашингтон миллион доллардан ашуун каражат бөлгөнү кандай?.. 

Алардын ишинин жыйынтыгы катары 2019-жылдын ноябрь, декабрь, 2020-жылдын январь айындагы “Реакция” деп аталган митингдердин өткөнүн айтсак болот. 

Мөөнөтүнөн эрте белгиленген президенттик шайлоодо америкачыл талапкерлердин катышуусу көп болбоду, активдүү да көрүнүшпөдү, ага бир катар себептер бар. Ошол убактагы кырдаалга байланыштуу алардын жеңишине эч кандай мүмкүнчүлүк жок болчу. Ал арада АКШнын Кыргызстандагы элчилиги начар оюнга жакшы мина коюуга аракеттенди. Октябрдан январга чейинки аралыкта Вашингтондун Бишкектеги өкүлү Дональд Лу бир катар билдирүү жасады, анын айрымдары жергиликтүү бийлик тарабынан АКШнын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсү катары кабыл алынды. Атап айтканда, америкачыл дипломат Матраимов менен Көлбаевдин кармалуусун “Голливуд фильми деп атап, өлкө бийлигин кылмыштуулук жана коррупция менен реалдуу күрөшүү шылтоосун айтып, кытмыр маанайында көркөмдөдүБир беткей жамандоого батып кетти го? А ошол эле учурда АКШ Аскар Шадиев баштаган ондогон кыргызстандык оор кылмыштарга шектүү олигарх-саясатчыларды эмнеге калкалап келет? Президент Садыр Жапаров айткандай, Америка кош стандарттуу саясат жүргүзүп атпайбы! “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” дечү эле. АКШ демократияга шек келтиргени ушулбу? Кыргызстанды тоноп, качып кетишкен экс-чиновниктерди эмне үчүн кайтарып беришпейт? Дагы бир көз будамайлоого келсек, булар “конституциялык реформа менен алектенбей, экономика жана пандемияга көңүл бургула” деген “кооз” чакырык ташташты... 

Садыр Жапаровдун шайланышын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги ыраазы болбоо менен кабыл алды. Ал көз карандысыз байкоочулар шайлоодо эреже бузуулар катталганын билдиришкенин айтып, Кыргызстандын укук коргоо кызматтарына бул эреже бузууларды конституциялык мыйзам жана нормалардын алкагында иликтеп чыгууну “тапшырды”. 


Алыбек Кайыпов

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер