Канышай Мамыркулова, журналист: “Оппозиция, активисттер чогулуп келсе күч болорун унутпайлы...”


-- Канышай эже, чыныгы журналист сынчыл, анан чынчыл болот эмеспи. Бул жагы сизге төп келишип турат. Бирок мындай сапаттын маңызы эмнеде?
-- Төп келеби же жокпу, аны деле билбейм. Мен жөн гана адам, жаран катары пикиримди айтып келе жатам. Учурда эч жерде иштебейм, бирок иштеп жатып, түз пикири жокторду көргөндө... Коомдогу терс окуяларга карата оюбузду айтып жатабыз да. Биз айтпасак ким айтат?
-- Коомчулуктагы терс көрүнүштөрдү, чиновниктерди сындаган адам мактаганды да билеби?
-- Мүмкүн. А мактагандай иш барбы? Көрүп-билип эле жатабыз. Иштер жасалууда, бирок ошолор камоолор, коррупция, хайп, пиар менен коштолууда, же калппы?
-- Акыркы жылдары парламенттин, дээрлик депутаттардын баркы кетип, анчалык деле сыйга татыбай калышты. А сиз баалаган эл өкүлдөрү барбы?
-- Жок эмес. Кеп позицияларында, калыстыкты кайпактап айта албай корунган бечаралыкта…
-- Аткаруу кызматындагы жетекчилерден алгылыктуу иштеп жаткандарды билесизби? Мисалы?
-- Кыргызстандын Кытайдагы элчисин айтсак болот. Ары-бери которуштура бербесе, Кудайберген Базарбаев жакшы иштеди. Эми туурасын айтсам, мен жакшы пикир айткан чиновниктерди булар кууратат. Эч кимисинин убалына калбай эле койгонум оң го…
-- Оппозициядагы саясатчылардан кимдерди колдойсуз? Урмат-сыйга татыгандардын артыкчылыктарын белгилеп, тизмектеп көрбөйлүбү?..
-- Оппозиция барбы?.. Адахан Мадумаровду камап салышты. Калганы активисттер, алардан коркунуч күтүшпөсө керек. Бирок, чогулуп келсе, күч болорун унутпаган оң болот…
Асланбек Сартбаев
"Азия Ньюс" гезити











