Акыркы кабарлар
» Коом » Дары-дармек монополиясы өрчүп кеткен
Дары-дармек монополиясы өрчүп кеткен
17-ноябрь, 18:15
484 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда кээ бир ири фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгында жасалма монополия орноп, дары-дармектердин баалары жогору болуп келген. Дары-дармек рыногунда ачык-айкын атаандаштыктын жоктугунан жана жасалма тоскоолдуктардан улам монополист компаниялар гана туйтунуп, баа саясатын каалагандай калчаган абалга жеткирген.
Буга байланыштуу дары-дармектердин жүгүртүлүшүн камсыз кылуу боюнча мыйзамга ылайык өкмөт жашоого зарыл болгон 300гө чукул аталыштагы дарылардын баасын чектөө боюнча токтом кабыл алды. Бирок, бул токтомдун реалдуу иштеп кетишинен күмөн санаган тараптар фармацевтикалык лоббини ооздукташ үчүн дары-дармектер менен камсыз кылуу тутумун толугу менен өзгөртүүнү сунуш кылышууда.
"Азия Ньюс" гезити