Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек Абдраманов: “Күнөөлүүнү издебей медиктерге жардам берели”

Калдарбек Абдраманов: “Күнөөлүүнү издебей медиктерге жардам берели”

09-апрель, 14:30
1 469 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

--Коронавирус жуктурган дарыгерлердин саны 32ге жетти. Бейтаптар менен иштешүү абалы кандай болууда?  Алдыдагы оор күндөргө кандай сунуштарыңыз бар?

--Бул күтүүсүз көрүнүш эмес. Себеби, жалпы медицина коронавируска жетишерлик деңгээлде даяр эмес эле. Өзгөчө, инфекцияны өзүбүз "массовый завоз" жасап алаарыбызды эч ким күткөн эмес. Албетте, качандыр бир кезде бирден экиден ооруган адамдар кирип келмек, бирок азыркыдай ондогон, жүздөгөн адамдар илдет илип келип, өз элине таратып салат (!) деген ой эч кимге келген эмес. Биз болгон окуя үчүн карапайым адамдарды күнөөлөй албайбыз. Алар ыйык жерге зыяратка барышты. Бирок дүйнөдө пандемия болуп жатса, аларды сыртка чыгарып, кайра көзөмөлсүз киргизип чеки иш жасадык. Аны моюнга алыш керек. Ошондой күтүүсүз шартта, биздин кээ бир кызматкерлер, жетиштүү инфекциядан коргоочу атайын костьюмдары жок, даярдыксыз иштөөгө да туура келди. Албетте, мындай окуянын жүрүшүнө экич ай мурун даярдык менен, план түзүп даярдануу керек эле. Каражат керек болчу. Азыр ким күнөөлүү (?деп отурчу убак эмес. Мүмкүн болушунча ооругандарга өкмөт жардам бериш керек. Экинчиден, ооруган медиктердин ордун ким толуктайт? Азыркы негизги маселе ошол. Күн өткөн сайын оор боло берет, аны айтып эле келатабыз го. Азыр каалоочулардан түзүлгөн медиктердин командаларын даярдашыбыз керек, аларга контракттын негизинде кошумча айлык акы төлөп берүү ишин уюштурушубуз керек. Эң негизгиси, иштейм деген каалоочуларга идеалдуу болбосо да ишеничтүү инфекциядан коргонуу шартын, иштөө режим, кийим кечектер, тамак аш менен камсыздоо керек. Ошондо бир системага келет жумуш. 

Жамиля Нурманбетова 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер