Максатбек Казакбаев, активист: “Камактагы саясатчылардын эркиндигин сот чечпейт”

-- Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда бир топ сот иштери болду. Көпчүлүгү шатырап эле 20-апрелге чейин узартылды. Ушул боюнча кандай пикирдесиң?
-- Мен дагы бүгүн Биринчи Май райсотунда болдум. Баарын 20-апрелге деп, дагы эки айга жылдырышты. Негизи, мыйзамсыз эле болуп жатат. Күнөөлөгөнгө эч кандай негиз жок. “Коркконго кош көрүнөт” дегендей эле да. Дагы айта турган жагдай мындай, кечээ Алмазбек Атамбаев камактан чыкты, ал “мага жакшы мамиле кылып, бийлик бошотту" деди. Демек, көрсө "эки дос" чечет экен да. Андай болсо Кемпир-Абад боюнча камалгандарды деле бошотуп коюшсун, туурабы? Мен Жогорку сотко жана президенттин атына, администрациясына көрүнүктүү саясатчылардын, коомдук жана маданият ишмерлеринин, ошондой эле Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттарынын, элдик курултай мүчөлөрүнүн атынан (жалпы 50 адам) кайрылуу жазгам. Жообу келиптир, “сот чечет” деп. Сот эмес “бийликтегилер” чечет экен. Буга “уголовниктер” Атамбаев менен Акаевдин акталышы далил эмеспи?!
Адам укугун коргоо күнүнө карата Турсунбек Акун уюштурган “тегерек үстөлдө” дагы камалгандар боюнча резолюция кабыл алып, жөнөткөнбүз. Бийлик ага деле маани беришкен жок, көңүл да бурушпады.