Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Равшан Жээнбековду кыйноого алыштыбы?

Равшан Жээнбековду кыйноого алыштыбы?

30-январь, 15:42
505 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Равшан Жээнбеков кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна кайрылды. Анда кайрылуу төмөндөгүдөй:

“Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен СИЗО-1дин 7-8 кызматкери жана подполковник башында турган топ 28-январь күнү саат 22:00 чамасында камеранын ичине тинтүү жүргүзүштү. Анда алар өздөрүн агрессивдүү көрсөтүп, тамак-аш, кийим-кече жана гигиеналык буюмдарды полго коюп, кайра алардын үстүнөн тебелеп, тинтүү жүргүзүштү. Тинтүү эки саатка созулуп, андан кийин мен жана башка шектүүлөр чачылган буюмдарды үч саатка жакын жыйнаштырдык. Ошондой эле камерадагы бир адам (шектүү) чарчагандыктан улам өзүн жаман сезип, полго кулап түштү. Ал эми дагы бир адамдын (шектүүнүн) кан басымы көтөрүлүп кетти. Мындан улам биз түндө медициналык жардам чакырып, ал түнү эч кандай эс алган жокпуз. Ал эми бүгүн саат 08:00дө тергөө материалдары менен таанышканга бармакмын. Бирок түндөгү иштер менин нормалдуу түрдө иш менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген жок” деп жазган ал.

"Азия Ньюс" гезити

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер