Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус кетпейт, дайыма биз менен калчудай...

Коронавирус кетпейт, дайыма биз менен калчудай...

25-январь, 02:33
1 371 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин доордун каалгасын кагып, коронавирус келгенине бир жылдан ашык убакыт өттү. Ошол аралыкта канча адамдын башын жутту? Канча өлкөнүн экономикасын жалмады? Балдарды билимсиздике түрттү... Көп эле запкысын тарттырды. Жакынын жоготуп, айылына жете албай канча мигранттар алыстан зарлады. Түгөйлөрдү ажыратты. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алды. Далайлар ишсиз калды. Жүрүп турган иштер банкротко учурады. 

Кыргызстанда 93 медицина кызматкери көз жумуптур. Оор күндөр артта калды дедик. Бирок, бүгүн деле илдеттин кетейин деген түрү жок. Ар бир күнү адамдарды жоготуп жатабыз. Дарттын запкысын тартып, ооруп жаткандар канча? Жуктуруп жүргөндөр андан көп. Бирок этибарга албай, көнүмүш адаттай кабыл ала баштадык. Эң жөнөкөй эрежелерди сактоого дараметибиз жетпей келет. “Балдарды шахмат түрүндө отургузуп окутуп баштадык” дешет. Мектепте шахмат түрүндө отуруп, аялдамага келип быкпырдай беткабы жок адамдарга аралашып, айрыкча жаңы конуштарда жашаган балдар маршруткаларга тыгылган бойдон кетишүүдө. Анда шахмат түрүндө отургузганыбыз кайсы? Айрыкча маршруттук таксинин айдоочулары иш таштаган эки күнү дарт жуктургандар көбөйбөй койгон жок. Ооруканага, дарыканага барсаң андан ашкан көйгөй. 

Учурда коңшу Казакстанда коронавирус боюнча абал курчугандан курчуп бара жатат. Салыштыруу үчүн айта кетсек, кечээ коңшу өлкөдө 999 киши коронавируска кабылганы билинип, тогуз адам көз жумган. Вирустун күчөп бара жатканын “кызыл зонага” алты аймактын (Нур-Султан шаары, Акмоло, Атырау, Костанай, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустары) кириши далилдеп турат. Бир нече күн мурда бул тизмеде үч гана дубан бар болчу.

Айрым аймактарда карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү. Демалыш күндөрү сыртка чыгууга тыюу салынып, кызматкерлердин бир бөлүгү аралыктан иштөөгө жиберилди деп айтылат кабарда.

Негизи Казакстандын саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун эң жогорку көрсөткүчтөрү март айынын аягына туш келерин билдирип, коңгуроо кагууда. Адистердин алдын ала божомолуна караганда, бул учурда эң аз дегенде суткасына үч миң кишиден, абал оор дегенде тогуз миң кишиден вирус аныкталышы мүмкүн. 

Демек, коронавирус кетпейт. Оор күндөр али артта кала элек... Эми коронавирус дайыма биз менен калчудай. Андыктан жакшылап эрежени сактоону гана үйрөнөлү. Өзүбүздү, жакындарыбызды сактап калалы.


Жамиля Нурманбетова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер