Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түркияда Эрдоган менен Байдендин сүрөтү нааразычылыкты жаратты

Түркияда Эрдоган менен Байдендин сүрөтү нааразычылыкты жаратты

16-июнь, 20:52
1 082 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түркияда Эрдоган менен Джо Байдендин сүрөтү чоң нааразычылыктарды жаратууда. Анда Эрдоган НАТОнун саммитинде АКШ президенти Джо Байдендин колун өөп жаткандай элес калтырган.

Бирок, чын-чынына келгенде, Эрдоган болгону жанына басып келген АКШ президентине санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге ылайык ордунан туруп, муштуму менен учурашканы жаткандыгы белгилүү. Болгону бул ракурсту Батыш журналисттери өздөрүнө ылайыктап сүрөттөп, басылмаларга жүктөп жиберишкен. 

Бул окуя боюнча Түркиянын президентинин кеңешчиси Исмаил Сесур британиялык “Financial Times” гезитин сынга алып, коомго Эрдоган тууралуу ачакей пикирди жаратуу операциясын ишке ашырууга айыптаган.

Ошол эле маалда “Reuters” агенттиги бул окуя боюнча түшүндүрүү берип, анда Эрдоган болгону отургучтан туруп Байден менен учурашып жаткандыгын жазып, калган башка сүрөттөрдү ачыктаган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер