Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кылмышкер катаал жаза аларын Азамат Токтоналиев кечээ эле билдирген

Кылмышкер катаал жаза аларын Азамат Токтоналиев кечээ эле билдирген

25-декабрь, 12:10
6 144 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин коомдо кандайдыр бир резонанстуу окуя же оор кылмыш, күтүүсүз көрүнүш орун алса, соцтармакта даяр “эксперттер” пайда болушуп, ар кимиси алына жараша упай алууга жандалбастап эле жатып калышат. Кала берсе, бул “кеселге” айланып бараткандай. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” демекчи, жаралган кырдаалга жараша бир гана адистерди укканыбыз жөндүү эмеспи.

Маселен, аялын атып салган эргул боюнча ар кандай талаш-тартыштар орун алды. Алгач “уурдап кетти” деп чыгышты. Бирок Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Токтоналиев жыйында реалдуу чындыкты ачыктады. Баарыбыз көрдүк. Аныгында эрди-катын сот аркылуу ажырашып атышкан, бирок кайра тил табышуу үчүн туулган күндө жолугушуп, гүл, торт көтөрүшүп, жайбаракат үйүнө келишкенин көрүүгө болот. “Балээнин баары атаңдын башынан чыкты” дегендей, аягында ичкиликтин айынан мурдагы милиция кызматкери шеригин атып салып атпайбы! Экөө уруша баштаганда аял сиңдисине чалат, сиңдиси 102ге кабар берип, милиция кызматкерлери “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видео аркылуу иликтеп, 40 минутада каргашалуу үйгө барышкан. Алгачкы маалымдамада эле “Перехват” планы жарыяланыптыр. Эгерде сиңдиси жаңжал чыккан үйдүн дарегин так айтканда, изкубарлар 5-10 минутада ыкчамдыкта жетишип, балким маркум аман калат беле? Тилекке каршы, орду толгус кайгы орун алды...  

Натыйжада, Азамат Токтоналиев адам өлтүрүү тастыкталганын, кылмышкер мыйзамга жараша катаал жаза аларын кошумчалады. (Бул боюнча ал кечээ эле билдирген, бирок сөзүн кескилеп чыгарышканын эскертмекчибиз.) Аныгында милиция оперативдүү түрдө иштеди. Ээн ооздор жазгандай, “карга карганын көзүн чокубайт” деген аксак логика эч кандай акылга сыйбайт.

Кыскасы, элдин оозун эч ким тыя албайт эмеспи. Каргашалуу окуяга түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү дагы баа берүүдө. Адатта көнүмүш түрдө кыйкым издеп, мындан саясат жасоо маңызсыз. Ириде Бишкек шаарынын башкы милициясы Азамат Токтоналиевдин айткандары акыйкат экенине ынанабыз. Полковник мырза ырааттуу түрдө баяндап берди. Азыр тергөө уланууда...


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер