Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азизбек Турсунбек уулу: «Эко тамак жеп ооруган кишини көрө элекмин»

Азизбек Турсунбек уулу: «Эко тамак жеп ооруган кишини көрө элекмин»

16-ноябрь, 13:03
1 452 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экологиялык таза, кошулмасыз мөмө-жемиштерден катырактарды (чипсыдаярдаган Азизбек Турсунбек уулу бир жылдан бери кадимки алма, мандарин, алмуруттан чипсы жасайт. 

Ден соолукка пайдалуу азык 

-- «Ачекей» бренди менен азыркы күндө продукциянын 8 түрүн чыгарып жатабыз. Алар: банан, киви, ананас, апельсин, мандарин, алма, алмурут, лимон жана микс деп аталган жемиштердин аралашмасы. Бизде кургатылган жемиш дегенде алманын, өрүктүн кагын элестетишет. Бул как эмес, бакчада өскөн мөмө-жемиштерден ичке тууралып жасалган чипсы. Как менен биздин продукциянын айырмасы мына ушунда. Ар бир жемиш аппараттагы эрежеге жараша кургатылат. Маселен, ананас менен лимон 24-26 саатта кургайт. Жемиштер даяр болгондо өзүнүн банкаларына салынат, андан кийин таңгакка салганда кытырап, чипсыга айланат.    


Мөмө-жемиштер кошулмасыз кургатылат  

-- Мөмө-жемиштерди кургатууда эч кандай кошулма колдонбойбуз. Кумшекер, бал же башка даам бере турган азыктарды, химиялык заттарды кошсо болорун угуп калам, бирок биз алардан алыспыз. Жемиштердин сыртын жууп, ичке туурап, идишине салып кургатып коёбуз. Ошондуктан  бул биринчиден, башка чипсылардай арзан болбойт, экинчиден, ал чипсылардай даамдуу дагы эмес. Биздин продукция айрыкча кыш мезгилинде витаминге бай, ден соолукка пайдалуу, анан дагы адамдарды ушуга көндүрүш керек. Мисалы, башка өнүккөн мамлекеттерде экологиялык продукцияларды туура түшүнүп,  жакшы кабыл алышат. Бирок бизде эмес. Бишкектен 5-6 экомаркетти кезиктирдим,  алгач мен дагы катырактарды ошол дүкөндөрдө сатып баштагам. Продукциялардын бааларынын өтө эле кымбат экенин байкап, чипсыларды сатыктан алып салдым. Ал жакка келген адамдардын катмары катардагылардан айырмаланып, капчыгы калыңдар эле кире алат экен. Карапайым адамдын башбакканын көрө албадым.


Балдарыбызга пайдалуу, таза азык-түлүк алып берели

-- Биздин жарандар арзан тамак-аш жеп көнүп калыптыр. Мындан түрдүү  ооруларга чалдыгып, ооруканалардын бейтаптарга толуп, тамак-ашынан аяган акчаны эселеп дарыланууга коротуп жаткандарын өздөрү билбейт. Экологиялык таза же мөмө-жемиш жеп ооруп калган кишини көрө элекмин. Көптөр «кытайлар көрүнгөн нерсени жей берет» деп айтып келишет, бирок алардын жеген тамагы биздикине салыштырмалуу он эсе жакшы. Биздин тамактар туурасында кесир сүйлөгөндөй болбоюн, бирок алар чөп, күрүч жешет, өмүрү кока-кола ичишпейт, нанды, этти бизчелик жешпейт. Эми алардын канча жашка чейин жашаганын караңыз, бизди караңыз. Биздин аба, жаратылыш алардыкына салыштырмалуу 10-20 эсе таза, ошого карабастан биздеги адамдардын жашоо узактыгы салыштырмалуу кыска. Чынын айтсам, бул долбоордун максаты акча табуу эмес. Болгону «бизде дагы ушундай экологиялык таза продукциялар бар, балдарыбыз, элибиз да ушундайларды жейт» деген түшүнүктү жаратуу, аны жарандардын адатына айландыруу аракети. Бир айда 500-600 таңгак чыгып, Бишкек, Ош, Жалал-Абадда сатылат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер