РМ ооруп жатса да сабырдуулукту карманып, философго айланган чагы
Адатта камакка алынган саясатчылар, чоңдор дароо өзгөрүшүп, жансоого сурап башташат эмеспи. Ар кандай чакырыктарды жасашып. Буулугушуп, кайгыга батышса... “Түрмөгө жылан жатпасын” деген кеп бекеринен айтылбаса керек. А биздин замандашыбыз Райымбек Матраимовдун абалы башка, ички дүйнөсү менен күрөшүп, өзүн таанып, философияга басым жасагандай. Ооба, абак адамды артка тартат, же обого учурат. Мындайча айтканда, өзгөрүүгө чоң шанс...
Аныгында Райымбек Матраимовдун ден соолугу начарлап, дарыланып жатканы боюнча кабар алдык. Тирүү организм психологиялык катаалдыктан баары бир чарчайт эмеспи. Бирок, ал кыйналса да арыздануудан, даттануудан алыс экен. Баардык кыйынчылыкты ичине катып, жигитчилик мүнөзүнөн тайбай, сабырдуулукта карманып, жаркын келечектен үмүт үзбөй отурат. Канчалык деңгээлде күнөөсү бар же жогу Кудай астында гана таразаланмакчы. Ошого катар тарых, мезгил гана баа берет. Мындай шартта Райымбек мырзаны түрмөдөн чыгарып, эркиндигин ыйгарышса жарашмак. Бул күндөр да өтөт дечи. “Түсү ийгиден түңүлбө” дегендей, каарманыбыз келечекте элибизге далай кызмат кыларына ишенебиз. Убактылуу сыноо чыйралтат, жалган жашоону таанууга, тереңден баа берүүгө жол ачат. Кудай буюрса, маңдай жарыла сүйүнгөн бактылуу күндөр да келсе керек...
"Азия Ньюс" гезити