Күйөөмдүн ата-энеси ажырашып алып, бизге азап тарттырууда

Күйөөмдүн ата-энеси эки жыл мурун ажырашкан, эми болсо бизге тынчтык бербей жатышат. Кайненем келип, күйөөсүн кечке жамандайт, ал эми кайнатам телефон чалып, уулуна апасынын жаман экенин айткандан тажабайт. Ар бири бизди өз тарабына тартууга аракет кылууда. Алар бизди өз чыр-чатагына аралаштырып жатканын түшүнүшпөйт. Бирок күйөөм атасы менен көбүрөөк жолугуп жүрөт, бул болсо кайненемдин таарынышына себеп болууда. Кайнатам муну атайылап айтып, кайненемдин ичин дагы катуурак күйгүзөт.
Мага бул оюндар тажатма болуп бүттү. Эгерде карыганда акыл кирбесе, бул алардын көйгөйү да. Менимче, алардын мамилеси али бүтө элек! Алар ажырашканы менен чекит коё алышкан жок, дагы деле урушуп, мамилесин тактоону улантып жатышат. Ал эми чоңоюп калган балдарын өз чырларына аралаштырып, тынч жашоо бербей келишкени кызык.
Узак жылдык никеден кийин ажырашууну сезимдер таптакыр өчкөндө гана кылыш керек. Алар бири-бирин коё бере алышкан жок. Жараштырууга аракет кылсак же аныбыздан майнап чыкпайт. Эми кандай кылабыз?
Нурдана
"Азия Ньюс" гезити