Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эсенгул Алиев: “Садыр Жапаров жандоочторунан сак болсо...”

Эсенгул Алиев: “Садыр Жапаров жандоочторунан сак болсо...”

14-май, 12:00
646 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эсенгул агабыз быйыл 88 жашка толот. Баскан-турганы тың. Өз учурунда Кыргызстан КП Ысык-Көл райкомунун 1-катчысы болуп иштеген адам. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдардын ээси. Партиялык кызматтарда үзүрлүү иштеген аксакал.

-- Эсенгул ага, бүгүнкү күндө кайсы көйгөйлөр жүрөгүңүздү оорутуп турат?

-- Өзүм ит жылында туулгам, изилдесем, алар адилеттүүлүктү, калыстыкты баалаган кишилер болот экен. Ысык-Көл облусунун жетекчилигинен кеткениме бир канча жыл болгон. 60 жылдыгымда эл “кара кылды как жарган калыс элеңиз, Эсенгул Алиевич!” деп жазышкан экен. Ошондон улам бүгүнкү күндө калыстык менен адилеттүүлүк болбой атканына капамын. Эгер ушул эки нерсе баардык жерде орносо, биздин мамлекет тез аранын ичинде эле өнүгүп-өсүп, эч кимге көз каранды болбой, өз алдыбызча алдыга жылмакпыз. Эл үчүн 50 жылдан ашуун ак кызмат кылдым. Ысык-Көлдө жети Аке өздөрүнүн калыстыктары менен аты чыккан да. Биз ошого тарбияланганбыз. Ал убакта эч кандай сот, прокурор деген болгон эмес. Көйгөйлөрүн айтып келгендерди жеринде калыстык менен туура чечип коюшкан. Учурда мамлекетибизде ушул нерсе болбой жатат. Өздөрүнө ала тартып, жыра тартып, жердешине, куда-сөөгүнө, жадагалса президенттерибиз Акаевден тарта ушинтип эле келатабыз. Калыстык жана адилеттүүлүк боюнча бир мисал кыстара кетейин, Болот Мамбетов деген болгон. Аны атам көргөн киши эмес. А менин теңтуштарым, жоро-жолдошторум “сен эмне Мамбетов үчүн жанталашып жүрөсүң?” деп сурап атпайбы. Ооба, Болот Мамбетовго кайнаса каным кошулбайт. Апасы ким, кайдан келген, Болоттун атасы ким экенин таппай койдум. Учурда ага-тууган, жек-жааты жок. Бирок, бу киши калыс жана адилеттүү адам болгон. Кыргыз эли үчүн жаны күйүп иштеген. Мына ошон үчүн жанталашып атам. Болбоду дегенде БЧК каналына “Болот Мамбетовдун наамын берип койгула” деп чуркап жүрөм. Анын кыргыз эли үчүн иштеп кеткен, жасаган иштери Усубалиевден да, Раззаковдон да жогору. Атамбаевдин тушунда бир нече жолу кайрылгам. Азыркы президентке да кайрылып атам.

-- Учурда президентке кандай кеп-кеңешиңиз бар?

-- Президент жөн киши эмес, ага кеңеш айтыш кыйын. Сын пикир айта коюш оңой. А чын-чынында ал кызматты аркалоо жөн кишинин колунан келе бербейт. Жакшы жактары арбын. Жакында эле бир конокто болуп, ошо жердегилер “президент жакшы иштеп атат. Медиктер менен мугалимдердин айлыгын көтөрүп, жакшы кылып койду” деп айткандары жүрөгүмдү жылытты. Ошол эле учурда кимден гана болбосун кемчилик кетпей койбойт. Бирдеме болсо эле президентке шылтап иймейлери бар. Артынан сөз ээрчитпеш үчүн кээ бир учурда эл менен кеңешип иш жасаганга жетпейт. Андан сырткары, бизде “кошоматчы” дегендер бар. Жокту бар, барды жок кылган. Дайыны жок бирөөнү мактап, же болбогон жерден бирөөнү жамандап салат. Ушундан сак болсо. Президентти кимдер бузат? Мына ушуга окшогондор жолдон чыгарышат. Кыргызда “Жандооч кийик аттырат” деген сөз бар. Мисалы, Аскар Акаев 1994-жылдары абдан маданияттуу, элпек, туура эмес иштерди жасабаган, тартиптүү адам эле. Коррупция жөнүндө түшүнүгү жок болчу. 15 жылдын ичинде желмогуз кылып чыгарбадыкпы. “Аспиранты акча алганга үйрөттү” десе, “апчебиз отдел кадр болду” деген сөздөр бекеринен чыкпаган чыгар. Адепсиз, мыйзамсыз иштерге түртүп, өзүнүн кызын, баласын депутат кылып койдук. Жакшы кишини жаман кылыш жандоочтон. Ал эми Садыр Нургожоевич болсо “жолотпойм” деп атат. Жолотпош керек, ушундайдан сак болуш керек!        


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер